Кыргызстанда УКМКнын академиясы ачылат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин академиясын түзүү тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 6-февралда кол койду. Академия Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы Кесиптик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун базасында түзүлөт.

Мамлекет башчынын жарлыгында аталган академия улуттук коопсуздук органдары үчүн жогорку квалификациялуу адистерди, башкаруу жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун бирдиктүү системасын түзүү, өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча илимий-изилдөө базасын кеңейтүү максатында түзүлүп жатканы айтылган.

Министрлер кабинетине жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрүү тапшырмасы берилди. Ал эми УКМК аталган академияны юстиция органдарында каттоону жүргүзүү жана академиянын уставын бекитүү милдети коюлду.

УКМКнын академиясынын имаратынын курулушуна 2022-жылы, мартта капсула салынган.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын декабрында Жалал-Абаддагы сапарында УКМКнын академиясынын административдик окуу корпусун, киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун имараттарын куруу пландаштырылып жатканын айткан. Ал кадрларды кесиптик кайра даярдоо жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу институтунун базасында болору кабарланган.

1993-жылдын 19-апрелинде Улуттук коопсуздук министри генерал-лейтенант А.Бакаевдин буйругу менен министрликтин алдында атайын окуу түзүмү негизделген. Кийинчерээк Жогорку курс, андан соң Окуу борбору деп аталып келди.

Өкмөттүн 2011-жылдын 28-мартындагы токтомуна ылайык, А.К.Бакаев атындагы Кесиптик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту деген макамга ээ болгон.

УКМКга иштегендердин көбү ушул институтта кайра даярдыктан өтөт.(ZKo)

Дагы караңыз

“Баламды коңшунун уулу кордоду”. Бүтпөгөн сот, адилеттик издеген энеСот 24.kg агенттигинин өтүнүчүн канааттандырган жокЖЭБдеги кырсык: Түркияга которулган бейтаптардын абалы оор бойдон калууда Кыргызстандын энергетика тармагына быйыл эки эсе көп каражат бөлүнөтОрусия Европага кол салышы мүмкүнбү?