Аба ырайы: Аймактарда кар жаайт

7-февралда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Жалал-Абад облустарында, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 7…12

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5

Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -2…-7 градус суук болот.

Бишкек шаарында күндүз жаан жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы күндүз 0…-2°, түнкүсүн 10…12° болот.

Дагы караңыз

Британиянын падышасы Чарльз III рак илдетине чалдыктыЭлектрондук чылымга тыюу салуу сунушу коомдук талкууга коюлдуОрусия Европага кол салышы мүмкүнбү?Медиа уюмдар Ташиевге кайрылып, 24.kg агенттигинин кеңсесин ачууга чакырдыЖанар Акаев “ЖМК жөнүндө” долбоор Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөнүн айтты