Зеленский согуштук абал жана мобилизация мөөнөтүн дагы узартууну сунуш кылды

Владимир Зеленский Жогорку Радада. Архивдик сүрөт.

Украин президенти Владимир Зеленский бүгүн 5-февралда өлкө парламенти Жогорку Радага согуш башталганда жарыяланган согуштук абалдын жана жалпы аскердик мобилизациянын мөөнөтүн дагы узартуу тууралуу мыйзам долбоорлорун жөнөттү.

Долбоорлорго ылайык, мөөнөттү Украинанын Конституциясынын негизинде 14-февралдан тартып 90 күнгө узартуу сунушталууда.

Ушуну менен согуштук абал да, жалпы мобилизация да, эгер Жогорку Рада макул болсо, онунчу жолу узартылганы жатат жана бул убакыт президенттик шайлоо мөөнөтүнө туш келүүдө.

Президенттик шайлоо бул өлкөдө быйыл 31-мартта өтмөк, бирок, Баш мыйзамга ылайык, согуштук абал учурунда эч кандай добуш берүү өткөрүлбөйт.

Өткөн жылдын ноябрь айында Зеленский согуш учурунда шайлоо өткөрүү «жоопкерчиликсиздик» болорун айткан.

Украина 2022-жылдын февраль айынан бери Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна каршы күрөшүн улантып келе жатат. (RK)

Дагы караңыз

Дзюдочу Эрлан Шеров "Чоң шлем" мелдешинде коло байге уттуГазадагы кармаш улануудаЖылуулук электр борборундагы кырсык: жоопкерчилик кимде? Израил Газада ондогон террорчу жок кылынганын билдирди