Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

Дзюдочу Эрлан Шеров "Чоң шлем" мелдешинде коло байге утту


Алтын байгенин ээси Михаэль Зганк (солдон экинчи), күмүш байге ээси Элжан Гаджиев (солдон биринчи) коло байге ээлери Максим-Гаэль Нгаяп Хамбу жана Эрлан Шеров (оңдон биринчи). Париж. 4-февраль, 2024-жыл.
Алтын байгенин ээси Михаэль Зганк (солдон экинчи), күмүш байге ээси Элжан Гаджиев (солдон биринчи) коло байге ээлери Максим-Гаэль Нгаяп Хамбу жана Эрлан Шеров (оңдон биринчи). Париж. 4-февраль, 2024-жыл.

Дзюдочу Эрлан Шеров Парижде өткөн "Чоң шлем" мелдешинде коло медал утту. Ал 90 килограммга чейинки салмакта мелдешке чыккан. Бул салмакта 40тан ашуун балбан көрсөтүлгөн.

Шеров мелдешти 1/16 финалдан баштап, алгач беларустук, андан кийин монголиялык балбандарды уткан. Бирок чейрек финалда азербайжандык Элжан Гажиевге жеңилген. Гажиев финалга чыкканына байланыштуу Шеров көңүл жубатуучу беттеште күч сынашууга укук алды. Мында Эрлан Шеров эки беттеш өткөрүп алгач бельгиялык Сами Чоучини, андан кийин бразилиялык Рафаэль Маседону утуп, коло медалга ээ болду.

90 килограммга чейинки салмакта алтын байгени түркиялык дзюдочу Михаэль Зганк утту. Күмүш байге Элжан Гаджиевге тийсе, коло байгелерди Эрлан Шеров менен франциялык Максим-Гаэль Нгаяп Хамбу утту.

Үч күнгө созулган дзюдо боюнча "Чоң шлем" мелдеши 4-февралда жыйынтыкталды. Бул мелдеш быйыл 50-ирет өтүүдө.

Кыргызстандык дзюдочулар Кубанычбек Айбек уулу, Чынгызхан Сагыналиев жана Асад Масабиров катышты.

Мелдешти өткөргөн Франциянын спортчулары алты алтын, бир күмүш жана беш коло байгелүү болду.

Дзюдочу Эрлан Шеров былтыр Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн жайкы Азия оюндарында алтын медал уткан. (GT)

XS
SM
MD
LG