Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:18

Газадагы кармаш уланууда


Газа сектору. Архивдик сүрөт.
Газа сектору. Архивдик сүрөт.

Газа секторунда Израил армиясы менен ХАМАС тобунун (АКШда жана Евробиримдикте террордук теп таанылган) атышуусу бүгүн 4-февралда да уланды. Израил сектордун түндүгүндөгү Газа шаарынан аскерлеринин бир бөлүгү чыгарылып кеткенине карабастан ал жакта да кармашы уланганын “тазалоо операциясы” деп атоодо.

Reuters маалымат агенттиги билдиргендей, жергиликтүү тургундар көп кабат үйлөрдүн бир нечеси авиасокку менен талкаланганын айтып беришти.

Согушкерлер ЦАХАЛдын (Израил армиясы) аскерлерине каршы чабуулдарын улантып жатканы, байкоочулардын белгилешинче, айрым жерлер дагы эле алардын көзөмөлүндө экенинин белгиси.

Израил Газанын түндүгүндө ХАМАСтын жети согушкерин жок кылынганын, алардын курал-жарагы алынганын, азыр ошол жактагы эки бункердин ичине кирип, тазалоо аракети көрүлүп жатканын, буга эки аптадай убакыт талап кылынышы мүмкүн экенин билдирди.

Хан-Юнис шаарында Израилдин аткылоосунан үч палестиналык каза болгонун, шаардын батыш жана түштүк тарабында кармаш жүрүп жатканын медицина кызматкерлери кабарлашты.

Газа секторунда ХАМАСтын жалпысынан 24 согушкер тобунун 17си жок кылынганын 4-февралда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху билдирди. Калган топтор, анын айтымында, Газанын түштүк жагында, Египет менен чек ара тилкесинде жайгашкан.

«Биз аларга да жетебиз», — деди ал.

Израилдин өзүндө 3-февралда миңдеген киши акцияга чыгып, өкмөттөн ХАМАС барымтада кармап тургандарды бошотуу талабын коюшту. Митингдер Тел-Авивде жана Иерусалимде өттү. Аларда премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун кызматтан кетүүсү боюнча да талаптар коюлду.

Ок атышууну убактылуу токтотуу тууралуу сунуш иштелип чыкканы, ХАМАСтын лидерлеринин жообун күтүп жатышканы буга чейин кабарланган, азырынча жыйынтыгы маалым боло элек.

Газадагы азыркы согуштун тутанышына былтыр 7-октябрда ХАМАСтын Израилдин айрым шаарларына кол салуусу себеп болгон. Израил ХАМАСтын бул кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 170тей аскери окко учканын билдирүүдө.

Газадагы саламаттыкты сактоо мекемесинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 26 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, дагы 2,3 миллиондой адам үй-жайын таштап качууга мажбур болду. (RK)

XS
SM
MD
LG