Кыргызстан таза суу менен камсыздоого донорлордон 545 млн доллар алган

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан эгемендик алгандан берки аралыкта жалпы өлкөнү таза суу менен камсыздоо максатында эл аралык донорлордон 545 млн доллар алган. Мындан тышкары 200 млн доллардай грант алынган. Бул тууралуу Таза суу департаментинин өкүлү Шамшидин Халов 5-февралда Жогорку Кеңеште билдирди.

Ал парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбековдун суроосуна жооп берип жатып акчанын басымлуу бөлүгү Дүйнөлүк, Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү жана башка банктардан алынганын билдирди.

"Былтыр эле Жалал-Абад облусунда Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан 80 млн долларлык долбоор ишке ашырылды. Анын натыйжасында 80 айыл таза суу менен камсыз болду", - деди Шамшидин Халов.

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 5-февралда Кыргызстан Дүйнөлүк банктын ортосундагы “Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоору” үчүн экинчи кошумча каржылоо долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу долбоорун карап жатат.

Кыргызстан боюнча 1014 айылда ичүүчү суу маселеси чечиле электигин буга чейин Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкен. Кыргызстандагы 1873 айылдын 346сында таза суу системасы такыр жок, 476 айылда суу куурларынын эскилиги жеткени үчүн 2026-жылга чейин элетти таза суу менен камсыздоо программасы кабыл алынганы айтылган.

2011-жылы республиканын жүздөгөн айылдарын таза суу менен камсыздоо максатында “Таза суу” долбоору ишке кирген. Анын донорлорунун бири - Азия өнүктүрүү банкы былтыртан тарта долбоорду каржылоону токтоткон.(ZKo)

Дагы караңыз

11 журналисттин иши: Сот Султаналиевди, Тажыбек уулун камакта калтырдыАбак күндөлүгү: Кайраттуу адамдарсыз эл бүлүнөт Гаага соту Киевдин Орусияны айыптаган арызын кароону чечти Бишкекте 29 жаштагы келин төрөттөн көз жумдуТөрт айда кыргыз-тажик чек арасынын 196 чакырымы такталганы кабарланды