Төрт айда кыргыз-тажик чек арасынын 196 чакырымы такталганы кабарланды

Кыргызстандын тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Тажикстандын президенти Э.Рахмондун кабыл алуусунда. Дүйшөмбү шаары. 5-февраль, 2024-жыл.

Акыркы төрт айда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын 196 чакырымы боюнча макулдашуу болду.

Бул тууралуу Тажикстандын президентинин сайтында жазылды. Маалыматта Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 5-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевди кабыл алып, эки өлкөнүн чек арасын тактоо боюнча сүйлөшкөнү жазылган.

"Акыркы төрт айда тараптардын ортосунда чек аранын 196 чакырымы боюнча долбоордук жана жумушчу макулдашуулар келишилди. Ушул тапта жалпы чек аранын 90% сүйлөшүлдү", деп жазылган сайтта.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Тажикстанга расмий сапарынын алкагында тажик президенти Эмомали Рахмондун кабыл алуусунда болгонун маалымдады. ТИМдин басма сөз кызматы сүйлөшүүлөрдө чек аранын такталышы боюнча сөз болгонун кабарлаган жок.

ТИМ тараткан маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда Жээнбек Кулубаев тажик президенти Эмомали Рахмонго Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун саламын жолдоп, Тажикстан менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи.

Кулубаев ошондой эле эки өлкөнүн мамлекет башчылары жетишкен макулдашуулардын ишке ашырылышы тууралуу маалымат берди.

ТИМ мурдараак министр Жээнбек Кулубаев расмий сапар менен 4-5-февралда Тажикстанда болорун маалымдаган.

Кыргыз өкмөтү 5-февралда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 3,71 чакырымы боюнча макулдашканын маалымдады. Анда 30-январдан 5-февралга чейинки аралыкта топографиялык жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топтору Баткен шаарында жолугушканы, кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында өтөрү жазылган.

12-январда Баткенде өкмөттүк делегациялардын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушкан. Биргелешкен билдирүүдө чек ара аймагы боюнча орток пикир табылганы айтылган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөгөндө Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып каларын белгилеген.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым.(ZKo)

Дагы караңыз

Министрлер кабинети арактын баасын жөнгө салган токтом кабыл алдыМуслима: 13 жыл чогуу жашаган күйөөм үстүмө аял алып алды Түркмөнстан Кыргызстанга жардам иретинде суюлтулган газ жөнөттүБишкек шаардык соту Капаров менен Тажибек кызынын кармалышын мыйзамдуу деп таптыМосквадан кармалып келген Аранова 22-мартка чейин камакка алынды