Министрлер кабинети арактын баасын жөнгө салган токтом кабыл алды

Иллюстрация.

Кыргызстандын Министрлер кабинети өлкөдө арактын минималдуу чекене баасын бекитти.

26-январда кабыл алынган токтомго ылайык, 2024-жылдын 1-январынан тарта даяр продукциянын 0,5 литри үчүн дүң сатуу 156 сом, чекене 158 сом болду. Бул тууралуу "Токтом" маалымат-укуктук порталына жарыяланды.

Документте токтом бизнес үчүн бирдей шарт, рынокту легалдаштыруунун эсебинен бюджетке салык төлөмдөрдүн түшүүсүн көбөйтүү жана сапатсыз алкоголдук продукцияны азайтуу максатында кабыл алынганы айтылат.

2022-жылдын сентябрынан тарта Кыргызстанда этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга 100% мамлекеттик монополия киргизилген. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол коюп, Кара-Балта спирт заводуна этил спиртин өндүрүүгө жана импорттоого, ошондой эле өндүрүлгөн жана импорттолгон этил спиртин сатууга өзгөчө укук берген.

Өкмөт муну мамлекеттик жөнгө салуу, бюджетке салыктын толук түшүүсүн камсыздоо жана аткезчиликке бөгөт коюу чарасы деп түшүндүргөн.

Дагы караңыз

Түркмөнстан жөнөткөн суюлтулган газ Кыргызстанга келдиКыргызстандык мушкерлер эл аралык мелдеште үч медал алдыМуслима: 13 жыл чогуу жашаган күйөөм үстүмө аял алып алды Бишкек шаардык соту Капаров менен Тажибек кызынын кармалышын мыйзамдуу деп тапты