Ички иштер министрлиги (ИИМ) 1-февралда Бишкек шаарынын Манас проспектисинде Кытайдын Кыргызстандагы элчисинин автоунаасы катышкан жол кырсыгы боюнча тергөө иштери уланып жатканын маалымдады.
Бул факт боюнча кырсыкка күнөөлүү айдоочуну жана автомобилдердин техникалык абалын аныктоо үчүн соттук-автотехникалык экспертиза дайындалган.
ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, экспертизаны Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертиза кызматы жүргүзүүдө.
"Жол кырсыгына катышкан экинчи автоунаа - "Хундай-Соната" автомашинасынын тормозу (токтотуучу системасы), рулу, жүрүүчү бөлүгү жол кырсыгына чейин оң болгон, кырсыкка себепкер болушу мүмкүн эмес экени айтылууда. Автоунаанын айдоочусу И.Б. соо болгон. Ал унаасын айдап баратып үргүлөп кеткени жол кырсыкка себеп болгонун мойнуна алган", - деп жазылган маалыматта.
1-февралда Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин эки автоунаасы Бишкекте жол кырсыгына кабылган.
Кырсык Манас проспектисинде, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин жанында катталып, элчиликтин BMW үлгүсүндөгү машинелери "Хундай Соната" автоунаасы менен кагышкан.
Расмий маалыматка ылайык, 2023-жылдын тогуз айында 4800 жол кырсыгы катталып, андан 489 адам көз жумган. 2022-жылы 7040 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жараат алып, 690 адам каза болгон.(ZKo)
Дагы караңыз
ЖЭБдеги кырсык: Жаңы үйлөрдү борбордук жылуулукка кошууга тыюу салынат ЖЭБдеги жарылуу: жабыркаган эки адам Түркияда дарыланатЖамгырчиев мандатын тапшырды, Абакиров депутат болду Украинадагы согушта өлгөн орусиялык аскерлердин саны 43 миңден аштыАстана менен Ташкентти кыжырланткан орус пропагандасы