ЖЭБдеги жарылуу: жабыркаган эки адам Түркияда дарыланат

Түркиялык дарыгерлер Бишкекте. 3-февраль, 2024-жыл.

2-февралдын түнүндө Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) жарылууда жабыркаган эки адам Түркиядагы атайын клиникага которулат.

Бул тууралуу өкмөттүн Медиа штабы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-февралда Бишкекке Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин "Голжук" ооруканасынын реаниматолог-дарыгерлери келишти.

"️Доктор Этем Озтурк жана Энгин Четин Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин коштоосунда жабыркагандардын абалы менен таанышты, аларды дарылоо ыкмаларын караштырып, жыйынтыгында консилиум болду. Доктор Этем Озтурк бейтаптардын абалы оор экенин белгилеп, узак дарылоо талап кылынарын айтты. Ал ошондой эле катуу күйүп калган бейтаптарды дарылоо үчүн толук шарттары бар атайын ооруканага которууну эскертти. Консилиумдун аягында жабыркаган эки жаранды Түркиядагы атайын ооруканага которуу чечими кабыл алынды", - деп жазылган маалыматта.

Министр Бейшеналиевдин сөзүнө караганда, түркиялык дарыгерлер Кыргызстанга президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы жана Саламаттык сактоо министрлиги менен келишимдин негизинде келген.

Маалыматка ылайык, жылуулук борборундагы жарылуудан жабыркаган үчүнчү адамдын абалы туруктуу, ал ооруканада дарылануусун уланта берет.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде жарылуу болуп, беш адам Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бир бейтаптын абалы орточо оор деп бааланууда. Эки киши үйүнө дарыланууга жөнөтүлдү.

Ушул тапта жылуулук борбордун кызматкерлери кырсык эмнеден болгонун аныктоо жана анын ишин калыбына келтирүү аракетин көрүүдө. ЖЭБде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

2-февралда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында ЖЭБдеги абал беш-жети күн ичинде жөнгө салынарын айтты.

Садыр Жапаров Бишкек жылуулук борборуна барып, кырсыктан кийин ал жайды калыбына келтирүү иштери менен таанышкан.(ZKo)

Дагы караңыз

Астана менен Ташкентти кыжырланткан орус пропагандасыУкраинадагы согушта өлгөн орусиялык аскерлердин саны 43 миңден аштыЖамгырчиев мандатын тапшырды, Абакиров депутат болду УКМК мурдагы аялын сабап жүргөн адамды кармадыЖЭБдеги кырсык: Жаңы үйлөрдү борбордук жылуулукка кошууга тыюу салынат