Германия Өзбекстанга 50 миң жумуш орун сунуштады

Германиянын иш берүүчүлөрү Өзбекстандын Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттиги аркылуу коңшу өлкөнүн жарандарына 50 миң жумуш ордун сунуштады.

Gazeta.uz билдиргендей, Германияда медициналык кызматкерлерге, оор жүк ташуучу айдоочуларга, курулуш жана тейлөө тармагында иштегендерге талап жогору.

Өзбекстандык эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгү Орусия жана Казакстанда эмгектенет. Өзбекстандын Борбордук банкы былтыр Орусиядан акча которуулардын көрсөткүчү 87 пайыздан 78 пайызга кыскарганын билдирген.

2022-жылы Британияга сезондук жумуштарга баргандардын дээрлик төрттөн бир бөлүгүн борборазиялыктар түзгөн. Англиядагы мигранттардын саны боюнча өзбекстандык жумушчулар Украинадан кийинки экинчи орунду ээлеген. (AiA)

Дагы караңыз

Түндүк Корея дагы бир канаттуу ракета учурганы кабарланды Румын армиясынын жетекчиси Орусиянын ыктымал коркунучуна даяр турууну эскерттиФранция Украинада Орусиянын чабуулунан каза болгон ыктыярчылар тууралуу үн каттыОрусиянын президенттигине талапкер Надеждин жана Малинкович БШКга чакырылды