Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:35

Түндүк Корея дагы бир канаттуу ракета учурганы кабарланды


Түндүк Кореянын 18-декабрдагы сыноосу тууралуу кабар Сеулдун темир жол станциясындагы телевизордо көрсөтүлүп жаткан учур.
Түндүк Кореянын 18-декабрдагы сыноосу тууралуу кабар Сеулдун темир жол станциясындагы телевизордо көрсөтүлүп жаткан учур.

2-февралда Түндүк Корея бир нече канаттуу ракета учурду. Ушуну менен Пхеньян бул жумада төртүнчү жолу ракетасын учурганы маалым болду. Бул тууралуу Түштүк Кореянын армиясынын башкы штабы билдирди.

Ушул аптанын башында Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттары Пхеньян суу астында жүрүүчү жаңы канаттуу ракеталарын сынаганын кабарлаган.

Түндүк Корея “стратегиялык” канаттуу ракеталарын өзөктүк дүрмөт ташууга ылайыкташы мүмкүн экени тууралуу маалымат тараган.

12-мартта Жапон деңизиндеги суу астында сүзүүчү кемеде жайгашкан стратегиялык эки канаттуу ракета учурулган. Жыл башынан бери Түндүк Корея ушул өңдүү алты сыноо өткөрдү.

Былтыр Пхеньян 37 жолу 70 чакты ракета учурган, көбү Жапония менен Түштүк Корея тарапка багытталган эле.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциялары Пхеньянга баллистикалык ракеталарды жана өзөктүк куралды жасоого тыюу салат. Бирок Түндүк Кореянын жетечилиги курал чыгаруу Вашингтондун жана анын шериктеринин “кас саясатына” туруштук берүү үчүн зарыл деп келет.

XS
SM
MD
LG