Казакстан: Активист 8-мартта жүрүш өткөрүүгө уруксат берүүнү талап кылып чыкты

Активист Лия Берген "Досаев, салтты бузба, жүрүшкө уруксат бер!" деген плакатты көтөрүп турат. Алматы, Казакстан.

2-февралда казакстандык активист Лия Берген Алматыдагы Эгемендүүлүк монументинин алдына акцияга чыкты. Ал шаар бийлигинен 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата жүрүшкө уруксат берүүгө чакырган плакат көтөрүп турду.

«Биз бирге туруп гана адамдын жынысына карабай, өзүнүн баалуулугуна жараша мамилеге татыктуу болушун камсыздай алабыз. Андыктан бизди колдогула, феминизмди колдогула», - деди ал.

Активисттин колундагы плакатта "Досаев, салтты бузба, жүрүшкө уруксат бер!" деген жазуу жазылган.

Өткөн жылдан бери шаар бийлиги 2024-жылдын 8-мартында Алматыда митинг жана жөө жүрүш өткөрүү боюнча кеминде үч өтүнүчтү четке какты. Бул тууралуу 8-марттагы жөө жүрүштөрдү уюштурган аялдар кыймылынын өкүлдөрү 1-февралда Алматыда өткөн маалымат жыйында билдиришкен.

Алматы шаарынын акимчилиги «Айтылган тема боюнча тынч жыйындарды өткөрүүдө коомдук тартипти бузуу коркунучу бар» деп билдирген.

Коңшу өлкөдө активисттер аялдар укуктарын коргогон жүрүштү 8-мартта өткөрүүнү пландап жатышат. Бул жылы анын темасы “Казакстандык аялдардын эркиндиги жана коопсуздугу” деп аталат.

Соңку жылдары Казакстанда үй-бүлөдөгү зомбулук жана фемицид темалары көп талкууланып келет. (AiA)

Дагы караңыз

Румын армиясынын жетекчиси Орусиянын ыктымал коркунучуна даяр турууну эскерттиФранция Украинада Орусиянын чабуулунан каза болгон ыктыярчылар тууралуу үн каттыОрусиянын президенттигине талапкер Надеждин жана Малинкович БШКга чакырылдыЖалал-Абадда жаңы автобустар кайрадан каттамга чыкпай калды