ӨКМ ЖЭБдин иши беш-жети күндө калыбына келтириле турганын айтты

Бообек Ажикеев.

Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария беш-жети күндө калыбына келтирилет. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 2-февралда "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Ал кырсыктын толук масштабы такталып жатканын, техникалык бригаданын "алдын ала божомолунда беш-жети күндүн ичинде ишке киргизиле турганын" айтты.

"Жылуулук берүү батирлерде 65-70 градустан 45-50 градуска төмөндөдү. Ошол эле режимде - ушул температура сакталып турат. Санитардык норма боюнча батирлерде 18-21 градус норма деген сакталып турат".

Министр электр энергиясын күчөтүлгөн тартипте өндүрүү боюнча ГЭСтерге команда берилгенин, шаарда электр энергиясы мурдагы көлөмдөн кыйла көбүрөөк бериле баштай турганын кошумчалады. Ал шаарда өзгөчө кырдаал киргизүүгө себеп жок экенин айтты.

Мунун алдында энергетика министринин орун басары болжолдуу маалымат боюнча авария ЖЭБдеги 14-от казанда болгонун билдирген. Шаардын жылуулук режимин камсыз кылуу максатында айрым объекттерге ысык суу берүүгө чектөө киргизилди.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) авария болуп, үч киши жабыркады. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирип, абалды жөнгө салуу үчүн ыкчам штаб түзүлгөнүн кабарлады. Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсыктын себептерин аныктоо боюнча комиссия иш алып барууда.

2018-жылы кыш чилдеде, Бишкек ЖЭБинде чоң авария болуп, борбор шаар бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, бир нече беренелер менен кылмыш иштери козголгон. (КЕ)

Дагы караңыз

Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсык эски бөлүгүндө болдуЖЭБдеги авария: ысык сууга жана жылуулукка чектөө киргизилдиӨКМ жылуулук борбордон чыккан өрт толук өчүрүлгөнүн билдирди