Бишкек ЖЭБинде авария болуп, үч адам жабыркады

Бишкек ЖЭБи. Иллюстрациялык сүрөт.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) авария болуп, үч киши жабыркады. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирип, абалды жөнгө салуу үчүн ыкчам штаб түзүлгөнүн кабарлады.

Маалыматка ылайык, ушул тапта жылуулук борбордун кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүп жатат.

“Түнкү кезекте турган үч кызматкер жаракат алышып, ооруканада. Керектөөчүлөргө электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет. Бирок, шаардын жылуулук режимин сактоо максатында, ысык суу берүүдө чектөө киргизилип, мектеп жана бала-бакчалар онлайн окууга өткөрүлдү”, - деп айтылат маалыматта.

Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсыктын себептери азырынча айтыла элек. Энергетика министрлиги саат 9:30 улуттук “Кабар” агенттигинде басма сөз жыйыны болорун маалымдады.

2018-жылы кыш чилдеде, Бишкек ЖЭБинде чоң авария болуп, борбор шаар бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, бир нече беренелер менен кылмыш иштери козголгон. (BTo)

Дагы караңыз

1-февраль: Элчиликтин машинеси кабылган кырсык, абакта калган журналист, Назарбаевдин эстелигиПрокуратура Алматыда камалган кыргыз ишкерине беш жыл сурады Reuters: Кытай "согуштун демөөрчүлөрү" тизмеси үчүн расмий Киевди эскерттиНавальный шайлоо күнү Путинге каршы акция өткөрүүгө чакырдыГрузияда бийликтеги партия премьер-министрликке талапкерин жарыялады