Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:25

Навальный шайлоо күнү Путинге каршы акция өткөрүүгө чакырды


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусияда камакта жаткан оппозиционер саясатчы Алексей Навальный кийинки айда өтө турган президенттик шайлоодо азыркы президент Владимир Путиндин талапкерлигине каршы добуш берип, ага нааразылык билдирүүгө чакырды.

«Шайлоо күнү саат туура 12:00дө Путинге каршы добуш бериш үчүн баргыла жана ошондой добушун бериш үчүн баргандардан жаралган узун кезекти, пикирлеш адамдарды көрсөңүздөр болот. Бул эң коопсуз жалпы нааразылык акциясы болот, ага миллиондогон адам катыша алат» деген пост жазды Навальный X (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүнө.

Кремлдин дарегине айтылган катуу сын саясаты менен белгилүү саясатчы бир катар айыптардын негизинде узак мөөнөткө камалып, абакта отурганына үч жылдай болуп калды. Ал коюлган киненин баарын негизсиз, саясий өч алуу деп атап келет.

Орусияда президенттик шайлоо 15-17-мартта өткөнү жатат. Ага катышуу ниетин билдирип чыккан 11 кишинин кимиси талапкер катары расмий катталганын Борбордук шайлоо комиссиясы 10-февралга чейин жарыялашы керек.

29-январда Владимир Путин президенттикке талапкер болуп катталганы расмий жарыяланды. Ушуну менен ал бешинчи ирет мамлекет башчылык кызматка аттанууда.

31-январда Москванын Украинага кол салуусун токтотууга ачык үндөп келе жаткан саясатчы Борис Надеждин расмий түрдө президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. (RK)

XS
SM
MD
LG