Казакстанда мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин Астанадагы Улуттук музейдин кире беришинде турган чоң эстелиги азыр ордунда жок экенин «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун казак кызматы бүгүн 1-февралда билдирди. 2018-жылы орнотулган эстеликти, музейдин басма сөз кызматы билдиргендей, кампага которушкан.
Азыр анын ордунда санарип экран турат.
Эстеликтин жанындагы Назарбаев тартылган чоң сүрөт да алынып, Тәуелсіздік залына которулганы белгилүү болду.
Экс-президент өзү же анын басма сөз кызматы бул тууралуу комментарий берише элек.
Өткөн айда мурдагы президенттин коргоо университетиндеги эстелигин да алып коюшкан.
Ага чейин анын Астанадагы Улуттук университеттеги эстелиги да алынган болчу.
Назарбаевдин 2019-жылы бийликтен кеткенден кийин да сакталып турган көптөгөн ыйгырам укуктары, наамдары 2022-жылдагы кандуу Январь окуясынан кийин кыйла кыскартылган.
Өлкөнүн башкы мыйзамынан тунгуч президент тууралуу сөздөрдүн баары, анын ичинде Назарбаев эгемен Казакстандын негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн норма да алынган. Кийин аны "эл башы" макамынан да ажыратышкан. Борбор шаардын аталышы Нурсултандан кайра Астана болуп өзгөртүлгөн, "Биринчи президенттин күнү" майрамдардын тизмесинен алынган. (RK)
Дагы караңыз
"Салимбай байбачанын" ишиндеги жаңы жагдайлар, Кыргызстандагы окуялардын таасири Евробиримдик Украинага 50 млрд евро бөлүү тууралуу чечимин бекиттиБишкекте ондогон үлүшчүлөр алданып калганын айтып, президентке кайрылды“Камбар-Ата-1” ГЭСи: Дүйнөлүк банктан алына турган насыя талкууланды