Өкмөт “Керемет Банкты” 7 млрд сомго сатып алууну көздөп жатат

Керемет банк .

Жогорку Кеңеш 31-январда "Керемет банкты" (мурдагы "Росинбанк") Улуттук банктан Министрлер кабинетине сатуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулап, биринчи окууда колдоду.

Долбоорго ылайык, Министрлер кабинетинин атынан Финансы министрлиги "Керемет банктын" 97,45% акциясын Улуттук банктан 7 млрд 126 млн 432 миң сомго сатып алат. Парламентте Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев мындан алты жыл мурда "Керемет банкты" алуу туура эмес чечим болгонун белгиледи.

"Негизи бул маселе, кызыкчылыктар кагылышы мындан алты жыл мурун, 2018-жылы башталган. Ошол жылы Улуттук банк "Керемет банктын" акцияларын алган. Ошондо эле маселени түшүнгөн адистер, депутаттар жана эл аралык уюмдар, анын ичинен Эл аралык валюта фондунун адистери көзөмөл кылган мекеме ошол тармактагы уюмду ээлигине алса, арты жаман болот деп айтышкан. Алар айткандай эле болуп чыкты. 2021-жылдын аягында Улуттук банкта кызматтык териштирүү жүргөн. Анын негизинде мыйзам бузуулар табылган. Ошондо Улуттук банк "Керемет банктагы" инвестициялардан 4,4 миллиард сом чыгаша тарткан. Биз материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп бергенбиз", - деди Бөкөнтаев.

Улуттук банктын жетекчисинин айтымында, банк 2020-жылды 1 миллиард сом чыгаша менен аяктаган. Ал эми 2021-жылды чыгашасы жок жыйынтыктаган. 2022-жылы 360 миллион сом, ал эми 2023-жылы болжол менен 960 миллион сом киреше тапкан.

Депутат Дастан Бекешев "Керемет банкты" сатып алуу үчүн өкмөттүн каражаты бар-жогуна кызыкты.

"Силер 7 миллиард сомду кайдан тапканы жатасыңар? Биз ушул жерде мектептердеги балдардын тамагына жетиштүү каражат таппай, ошол акчаны азайтуу керек дегенге чейин жетип жатабыз. Мисалы, мага мамлекеттик мекемелердин биринде пол жууп иштеген, жети миң сом айлык алган аял кайрылып, качан маянабызды көтөрөт деп сурап жатат. Мен ага "акча жок" деп жооп беришим керекпи? Окуу китептерине акча жетпей жатат. Тез жардам машиналарына акча жетпейт. Айлыктын аздыгынан ал жакта жумуш орундар бош турат. Ушул сыяктуу көп нерселерге акча таппай жатсак, силер дароо 7 миллиард сомго банк сатып алганы жатасыңар", - деди эл өкүлү.

Бекешевдин сөзүн депутат Улугбек Ормонов дагы колдоп чыкты. Ал мындан улам банкты өкмөткө сатууга каршы экенин билдирди.

"Керемет Банк" өлкөдөгү мамлекеттик үлүшү бар банктардын бири. 2010-жылга чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын тиешеси болгон “Азия Универсал Банктын” активдеринин негизинде "Залкар Банк" түзүлгөн. 2013-жылы кыргыз-орус өкмөттөрү бул банктын акциялары орусиялык ишкерлерге сатылып, аталышы "Росинбанк" деп өзгөртүлгөн.

2019-жылы "Росинбанктын" акцияларына Улуттук банк ээлик кылып, “Керемет Банк” болуп калган. (КЕ/ЕВМ)

Дагы караңыз

Украинада Орусиянын дрон чабуулунан он чакты киши жараат алдыЭл жазуучусу Мелис Абакировдун сөөгү жерге берилди Үч жашар Алиянын өлүмүнөн кийин кармалган анестезиолог үй камагына чыктыКурманкул Зулушевдин кайнисинин иши кыскартылганы белгилүү болду