Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:44

Үч жашар Алиянын өлүмүнөн кийин кармалган анестезиолог үй камагына чыкты


Алия Кубанычбекова.
Алия Кубанычбекова.

Бишкек шаарында үч жаштагы Алия Кубанычбекованын өлүмүнөн кийин камакка алынган анестезиолог үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады. Дарыгердин бөгөт чарасы бүгүн, 31-январда каралган. Маалыматта айтылгандай, сот "шектүүнүн туруктуу жашаган жери бар экенин, ага коюлуп жаткан айыптын өтө оор эмес категорияга киргенин эске алып", аны үй камагына чыгарган.

Алия Кубанычбекова 2023-жылы 18-декабрда тиш доктурда алты сааттык операциядан кийин чарчап калган.

Апасы Айгүл Исакованын айтымында, кыздын тиштери ооруп, ириңдеп жаткандыктан, аны дарылатуу үчүн ата-энеси Бишкектеги Dentamax жеке клиникасына кайрылып, догдурлар операция керек экенин билдирген. Операция аталган клиникада эмес, Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунун анестезиология жана реанимация бөлүмүндө жасалган. Дарыгерлер муну ал жерде жакшы шарт түзүлгөнү менен байланыштырган.

Атасы алдын ала дарыгерлер менен сүйлөшүп, кызын 18-декабрда клиникага алып барганын, ага “Севоран” дарысын жыттатып тишин тазалайбыз дешкенин, бирок ага ийне сайышканын, наристе ошол бойдон ойгонбой калганын айткан.

Кыздын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси менен иш козголуп, анестезиолог камакка алынган.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Алиянын өлүмүнөн кийин Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борбордун директору, бөлүм башчысы, анестезиолог жана тиш доктур кызматтан бошотулганын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG