Украинада Орусиянын дрон чабуулунан он чакты киши жараат алды

Украина.

Украинада Орусиянын 31-январдагы эртең мененки чабуулунан кеминде он киши жараат алды, айрым жерлерде имараттар талкаланды. «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун украин кызматы өлкөнүн аскер мекемесинин маалыматына таянып билдиргендей, дрон чабуулдары Харьковдун чыгыш тарабына жасалды. Мындан тышкары Николаев, Запорожье, Днепропетров, Кировоград облустары да учкучсуз учактардын чабуулуна кабылды.

Жалпысынан 20 дрондун 14ү атып түшүрүлдү. Харьковдо төрт, Донецкиде алты киши жараат алды.

Ал эми бир күн мурдагы чабуулдардан каза болгондор жалпысынан үчөө экени кабарланды.

Бүгүн Киевге АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Виктория Нуланд барды. Ал өлкө жетекчилиги, жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөрүн билдирди.

Брюсселде бүгүн Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйыны башталууда. Анда уюмдун тышкы саясий мекемесинин башчысы Жозеп Боррел Украина көбүрөөк курал-жаракка муктаж болуп турганын белгилеп, «Биздин Украинага болгон кынтыксыз колдообуз бекем бойдон экенин жана улана берерин көрсөтүшүбүз зарыл. Азыр кайсы жердебиз, март айында каерде болобуз, жыл соңунда кайсы жерде болобуз, так аныктап алышыбыз абзел», - деди жана Орусияны авторитардык, агрессивдүү мамлекет атады:

"Путин өзү айтып жаткандай согуштук максаттарына жетмейинче бул согуштун токтошуна кызыкдар болбойт. Алар Беларус сыяктуу жетеленме мамлекет түзүп алгысы келүүдө. Бул өнөктүгүн ал бир аптада аяктайм деп ойлогон", - деди ал.

Бүгүн 31-январда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Эл аралык соту Украинанын Орусияга каршы арызы боюнча чечимин жарыялайт деп пландалууда. Украина бул сотко Орусияны 2014-жылы Крымды аннексиялап алгандан кийин «терроризмди каржылоодо, расалык дискриминация жүргүзүүдө, бул саясаты 2022-жылы толук масштабдуу согуш баштоого жол ачты» деп айыптап, жабыркаган жай тургундарга кенемте төлөтүүгө мажбурлоо талабы менен кайрылган.

Орусия Украинадагы согушту "атайын операция" деп, украин бийлигинин жана эл аралык коомчулуктун айыптоолорун четке кагып келет. (RK)

Дагы караңыз

Үч жашар Алиянын өлүмүнөн кийин кармалган анестезиолог үй камагына чыктыАкун: Бийлик калыс, тегиз карап, укуктук мамиле кылсынКурманкул Зулушевдин кайнисинин иши кыскартылганы белгилүү болдуЦРУнун директору Украинадагы согуш Орусияны "ичинен жеп жатканын" айтты