Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

ЦРУнун директору Украинадагы согуш Орусияны "ичинен жеп жатканын" айтты


Уильям Бернс.
Уильям Бернс.

АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (CIA, ЦРУ) директору Орусиянын Украинага каршы согушу президент Владимир Путиндин бийлигин, орус армиясын алсыратып, ичинен жеп, өлкө ичинде ачыкка чыга албай жаткан наарызылыкты жаратты деп эсептейт. Мекеме жетекчиси, мурда АКШнын Орусиядагы элчилигин башкарган жана Мамлекеттик департаментте жогорку жооптуу кызматтарды ээлеген Уильям Бернс 30-январда Foreign Affairs басылмасына жарыялаган макаласында америкалык мыйзам чыгаруучуларды Украинага аскердик жардам көрсөтүү тууралуу мыйзамды кабыл алууга чакырды.

Мындай жардамды ал «салыштырмалуу чакан, бирок геосаясий кесепеттер жагынан алып караганда олуттуу мааниге ээ» деп атады.

«Путиндин согушу Орусия үчүн көптөгөн деңгээлдерде ишке ашпаган жосун болду. Анын Украинадагы согушу бара-бара өзүнүн өлкө ичиндеги бийлигин алсыратууда», — деди ал.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салган. Азыр былтыр жайында контрчабуулу ийгиликтүү ишке ашпай калган Украина бүгүнкү турумун бекемдеп, кармап калууга болгон аракетин көрүүдө. Ортодогу 1200 чакырымдык фронт тилкесиндеги позициясын сактап калуу аракетин Орусия да көрүп жатат. Айрым эксперттер Орусия күчүн топтоп, быйыл жайында чабуулдарын улантышы ыктымал деген пикирде.

Бернстин айткандары боюнча Москва азырынча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG