Курманкул Зулушевдин кайнисинин иши кыскартылганы белгилүү болду

Башкы прокурор Курманкул Зулушев.

Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупцияга байланыштуу башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайнисине жана башка бажычыларга козголгон кылмыш иши кыскартылганы белгилүү болду. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын жетекчиси 31-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“2023-жылдын 4-декабрында тогуз адамга козголгон иш кыскартылыптыр. Ал эми жүктүн ээси Матназаровго карата бажы төлөмдөрүнөн качуу фактысы боюнча 2023-жылдын 7-декабрында иш сотко кетиптир”, - деген Курманкул Зулушев бул ишке кийлигишпегенин кошумчалады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылдын май айында коррупцияга шек саналып кармалган бажы кызматкерлеринин арасында Курманкул Зулушевдин кайниси да бар экенин маалымдаган.

Атайын кызматтын төрагасы алар “Кытайдан товарлар келгенде аны Ошко алып барып, кампадан түшүрүп, Өзбекстанга чыгып кетти деп бажынын мөөрүн басып, бирок бош машине өтүп турганын” билдирген.

Камчыбек Ташиев башкы прокурор Курманкул Зулушев бул ишке кийлигишпегенин, бирок жагдайын сурап жатканын айткан. (BTo)

Дагы караңыз

Башкы прокурор Арстан Алайдын өлүмү иликтенип жатканын айттыОрусияда согушту токтотууга үндөгөн саясатчы президенттикке талапкер болуу үчүн арыз берди Кемпир-Абад иши боюнча сот 14-февралга жылдырылдыБыйыл Кыргызстанда 50 адамдын бөйрөк алмаштыруу операциясы акысыз жасалат "Азаттыктын" казак кызматы кабарчыларды каттоо маселеси боюнча сотко кайрылдыКыйноолорду алдын алуу борбору абактагы журналисттерден кабар алды