Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Орусияда согушту токтотууга үндөгөн саясатчы президенттикке талапкер болуу үчүн арыз берди


Борис Надеждин.
Борис Надеждин.

Орусияда Москванын Украинага кол салуусун токтотууга ачык үндөп келе жаткан саясатчы Борис Надеждин расмий түрдө президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу маалымат бүгүн 31-январда анын сайтына жарыяланды.

31-январга карата ал 110 миңден ашуун кол топтой алганы, бул талапкер болуп катталуу үчүн зарыл болгон 100 миң колдон көп экени белгиленди.

Эми Борбордук шайлоо комиссиясы колдордун аныктыгын текшерип чыгып, Надеждинди каттоо же каттабоо чечимин 10 күн ичинде жарыялашы зарыл.

Байкоочулар бул саясатчыны колдогондор көбөйө баштагынын, Кремль аны шайлоого жолотпоо үчүн бардык аракетин көрөрүн белгилеп жатышат.

“Жарандык демилге” партиясынан көрсөтүлүп жаткан, Өзбекстанда туулуп, кийин Орусияда жашап калган, согушка каршы ачык позициясы жана бешинчи жолу президенттикке аттанып жаткан Владимир Путиндин саясатына каршы билдирүүлөрү менен белгилүү болгон 60 жаштагы Надеждин физика-математика илимдеринин кандидаты.

Ал саясатка 1990-жылдары аралаша баштаган. 2000-жылдардын башында Мамлекеттик думада «Оңчул күчтөр союзунан» депутат болгон.

Надеждиндин президенттикке аттанышын Орусиядагы оппозиционер саясатчылар Максим Кац, Михаил Ходорковский жана Кремлдин башкы сынчысы, азыр абакта кармалып отурган Алексей Навальныйдын тарапташтары колдошту. Анын талапкерлигин колдогондордон кол топтоо бекеттерине узун кезекке турган адамдардын сүрөт, видеолору социалдык түйүндөргө жарыяланып, талкуу жараткан.

Надеждин Боршайком «кыйкым издешине» негиз болбошу үчүн кол топтоо дагы уланып, 150 миңге жеткирилерин 23-январда айткан.

Орусияда президенттик шайлоо 15-17-мартта өткөнү жатат. Катталган талапкерлердин тизмесин Боршайком 10-февралга чейин жарыялашы керек. (RK)

XS
SM
MD
LG