Акун: Бийлик калыс, тегиз карап, укуктук мамиле кылсын

Турсунбек Акун жана президент Садыр Жапаров. Фото архивден.

Кыргызстандагы сөз эркиндиги, медиа кызматкерлерин жапырт камоо маселесин президент Садыр Жапаров менен жолугушууда көтөргөнүн мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. Ал "Азаттыкка" курган маегинде кездешүүдө Адахан Мадумаров, Элдик курултай, сөз эркиндиги боюнча сөз болгонун белгиледи.

Турсунбек Акун акыркы 30 жылда Кыргызcтан “демократиянын, адам укуктарынын аралчасы” аталып, сыймык менен белгиленип келгенин, ал соңку убакта солгундап баратканын белгилейт.

- Турсунбек мырза, адам укуктары боюнча өлкөдө азыр жагдай кандай деп ойлойсуз?

- 2022-жылдын 23-октябрына чейин салыштырмалуу кандайдыр бир деңгээлде адам укуктары сакталып, демократия муунтулбай, сөз эркиндигине жол берилип, жаңы шайланган президент дагы кысымга барбай, конституциялык реформалар болуп аткан. Бирок, 2022-жылдын 23-октябрындагы массалык камоолордон кийин өлкөдө адам укуктарынын, демократиянын абалы кескин начарлап кетти десек болот. Анткени, бир журналистти жарандыктан ажыратып, чет мамлекетке чыгарып жиберди, кээ бир өз пикирин айткан жарандарга кылмыш иши козголду. Мына ушинтип-ушинтип башталды, анан апогейи октябрда саясатчыларды, укук коргоочуларды, активисттерди, журналисттерди массалык камоо болду. Ошондон кийин анан соттор башталды, камоолор башталды. Андан кийин депутаттарды кысымга алуу башталды, айрымдарына кылмыш иши козголду, оппозициялык маанайдагы депутаттарды камаганга чейин барышты.

Мурда “Кыргызстан – демократиянын аралчасы” деген сыймыктуу атка конуп келсек, акыркы бир жарым жылда “аралча” эмес эле, авторитаризмге багыт алган өлкөгө айланып, кошуна мамлекеттердин катарына бараткандай болуп калдык. Канчалаган жылдар бою, мына “Кыргызстан демократиялык кыймылы” баштап, Казат Акматов, Топчубек Тургуналиев, Жыпар Жекшеев баштаган агаларыбыз, андан кийинки муун – Тынчтыкбек Чоротегин, биз, ушулардын баары Кыргызстанда укуктук, демократиялык, адамды сыйлаган, анын укуктарын урматтаган мамлекет болсун деп көп эмгек кылып, ошондой коом курган элек. Акыркы бир жарым жылдын ичинде анын баарын жокко чыгарып, авторитардык коомго баратканыбыз мени кабатырлантат.

- Ушундай окуялар эмне себептен улам болуп жатат деген ойдосуз? Кыргызстандын Конституциясы өзгөрүп, президенттик башкаруу системасына өткөнбүз.

- Конституциянын 32-беренесинде “ар бир адам эркин ой жүгүртүүгө жана пикирге ээ болууга укуктуу. Ар бир адам өз пикирин эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу. Эч ким өз пикирин билдирүүгө же андан баш тартууга мажбурланышы мүмкүн эмес” деп жазылган. 33-беренеде “ар бир адам маалыматты эркин издөөгө, алууга, сактоого, пайдаланууга жана аны оозеки, жазуу түрүндө жана башка жол менен жайылтууга укуктуу” деп турат. 36-беренеде “ар бир адам биригүү эркиндигине укуктуу” делет. Ал эми 39-беренеде “ар бир жаран тынч чогулуштар эркиндигине укуктуу” деп айтылган. Ал эми Адам укуктары боюнча декларациянын 18-19-беренелеринде эркин ой жүгүртүү, сөз эркиндиги, тынч чогулуштарга эркиндиктер белгиленген.

Кыскасын айтканда, биздин Конституция дагы, Адам укуктары боюнча декларация дагы мындай фундаменталдуу эркиндиктерге кепилдик берет, андыктан алар сакталыш керек. Биз чындыгында конституциялык реформа жасадык, ал туура болгон, “бир адам башкарсын, жоопкерчиликти өзүнө алсын, премьер-министрлерди тез-тез алмаштырбасын” деген ниетте болгонбуз. Анан бирок, бийликтен ашыкча пайдаланып кеткен болбойт, бир адам башкарганда авторитаризмге, диктатурага баруу эмес, мамлекетте иреттүүлүк болсун, өлкөдө тартип болсун, президент жоопкерчиликти өз мойнуна алып, керт башы өзү жооп берсин деген саясатты койгонбуз. Бирок, тилекке каршы, азыр андай болбой бараткандай сезилет.

- Ошол жапырт камоолор, социалдык тармактарда өз пикирин айткандарды суракка чакыруу жана андайлардын айрымдарын камакка алуу эмне себептен болуп жатат деген ойдосуз?

- Мен 26-январда президент Садыр Жапаровго кирип чыктым. Экөөбүз эки сааттай баарлаштык. Албетте, мен укук коргоочу, Конституциялык кеңешменин мүчөсү катары айтарым – экономикада бир топ өзгөрүүлөр болуп жатат, социалдык, маданият тармактарында да өзгөрүүлөр бар. Жолдор салынып, социалдык имараттар, мектептер, көп кабаттуу үйлөр курулуп, тышкы карыз төлөнүүдө. Көп өзгөрүүлөр бар. Бирок, ушуларга карабастан мен жогоруда белгилегендей – адам укуктарын сактоо жаатында кемчиликтерге орун берилип жатат.

Биз укуктуу, демократиялуу, адам жана сөз эркиндиги урматталган коом курушубуз керек. Ушундай коом, руханий дөөлөт сакталмайынча экономика да жогорулабайт, социалдык маселелер да толук чечилип кетпейт. Анын үстүнө кыргыз элинин мүнөзү эркиндикти сүйөт, эч кимге баш ийген эмес. Үч жолу элдик толкундоолор болуп, революция дейбизби, ошондой окуялар болду. Кыргыз элин эч ким камап, сабап, коркутуп, үркүтө албайт. Ошондуктан азыркы бийликтегилер кичине эсине келсе деген кеп. Күч колдонуу менен, түрмө жолу менен, камоо жолу менен алдыга барабыз деген бул жакшы эмес.

- Сиз президент Садыр Жапаровго жолугуп чыктым деп айттыңыз, мамлекет башчы ушундай абал түзүлгөнү боюнча кабардар бекен? Жапырт камоолор, коркутуп-үркүтүүлөр, саясий жактан кодулоолор, сот иштеринин жабык өтүшү – ушулар боюнча пикири кандай экен?

- Ал киши баарын билет экен, жолугушуу маалында ал киши көбүрөөк сүйлөдү окшойт. Ошол эле Адахан Мадумаров жөнүндө 20 мүнөт, жарым сааттай сүйлөдү окшойт. Анткени, мен “камоолор болуп жатат, Кемпир-Абад иши боюнча камалгандарды бошотуп коюш керек, куугунтукка окшоп калып жатпайбы. Булардын эч бир күнөөсү жок, алар өз пикирин билдирди” дедим. “Урматтуу президент, сиз Камчыбек Кыдыршаевич экөөңөр Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жерди берүүнү колдодуңар, тигилер ага каршы пикирин айтты, эми силер жеңдиңер, ким туура, ким туура эмес экенин тарых, анан мезгил таразалайт, эми камактагыларды бошотуш керек” деген пикиримди айттым.

Президент: “Алардын сүйлөшүүсүн укпадыкпы, он миңдеген адамды көчөгө чыгарабыз дешпедиби” дейт. Мен айттым: “Бул эч кандай күнөөгө кирбейт, эл чыккан жок” деп. Мен муну ал кишиге айткан жокмун. Бирок биз мурдагы президенттерди сындачубуз да, мен деле, ошол Садыр Жапаров деле “Акаев кетсин!” деп канча жолу кыйкырдык. Акаев куугунтук кылган жок да. Андан кийин “Бакиев кетсин!”, “Атамбаев кетсин!”, “Сооронбай Жээнбеков кетсин!” деп эл ачык айтып келгенбиз да. 30га жакын адамдын бири дагы күнөөлүү эмес, азыр он экиси дагы деле абакта жатат, аларды чыгарыш керек.

Анын үстүнө сот жабык өтүп жатат, мен президентке “сот жабык өткөндөй ал жерде эмне сыр бар” десем, “алар башка мамлекеттен акча алышкан экен” дейт. Мен ага “тескерисинче ачык сот өткөрүш керек, ким кайсы мамлекеттен канча акча алганы ачык айтылса, ага эл өз баасын берип алат, болбосо, сотко ишеним кетип, будамайлагандай болуп калат” дедим.

“Сиз Азимбек Бекназаровду колдоп келдиңиз” дейт, мен “Азимбекти да, Жеңиш Молдакматовду да, башкасын дагы колдобойм. Адам укуктары, сөз эркиндиги сакталсын, демократиялык коом куралы деп сизге келдим” дедим. Президент Адахан Мадумаров боюнча да айтты, Ак үйдө чек ара маселеси боюнча жабык жыйын өткөрүп, өзгөндүктөрдү, Адахан Мадумаровду, Алманбет Матубраимовду, Элмурза Сатыбалдиевди жана башкаларды чакырганбыз. Анын жыйынтыгы менен Адахан макул болуп, “өзгөндүктөр эмне чечим кабыл алса, мен мен ошого макулмун” деген болчу, үч күндөн кийин чыгып алып эле тескери сүйлөп жатат” дейт.

Андан тышкары президент “Адахан Мадумаровду үйүмө чакырдым, жубайым тамак жасады, 3-4 саат Камчыбек Ташиев болуп, үчөөбүз аябай жакшы сүйлөшүп отурдук. Ал жерде Мадумаров:“Сиз аябай жакшы адам турбайсызбы, мындан ары иштешем, сизди туура түшүндүм” деп кеткен болчу. Бирок үч күндөн кийин чыгып алып башкача сүйлөп жатат, мен анан ушундай адамдарга кантип ишенем” деди.

Кемпир-Абад иши боюнча азыр камакта жаткандардын айрымдарынын фамилиясын айтып, “ушундай адамдарга кантип ишенсе болот” деди. Мен “ишенсе болот, чыгарыш керек аларды, жок эле дегенде ачык сот өткөрүш керек” дедим. “Макул, сиз атайын келгенден кийин мен жакында Жогорку Сотту, башкы прокурорду, ички иштер министрин чакырып, анан жообун берели” дейт.

- Бийлик ошол оппозициялык маанайдагы дейбизби, же ар кандай көз караштагы жарандарды дейбизби, аларды чогултуп, бир консолидацияга барып, жыйын өткөрүш керек деп ойлойсузбу?

- Мен ошону айттым. Ошондой демилге кылып, чогулуштарды өткөрүп жатам, сиз улуттук жыйын куруңуз, өзүңүз башында туруңуз, диалог, консолидация керек десем, президент “Элдик курултай өткөрдүк го” деди. Мен “курултайыңыз кошоматчы жыйын болуп жатат, акимдер, облустагы өкүлдөрүңүз чогултуп келип жатат, алар коштоп жүрүшөт, сүйлөй турган сөзүн карап жатышат” десем, “сиз да ушинтип айтасызбы, эч кандай кошоматчы курултай эмес, алар жер-жерлерден шайланып келип жатышат” деди. Курултайды аябай демократиялык жыйын деп ойлойт экен.

Менин пикиримде, курултайды азыркыдай уюштурбаш керек, жер-жерлерден акимдер делегаттарды тандап, аларга тамак-ашын, жол киресин берип, кайра аларды жер-жерге жеткирип, мына мындай сүйлө деп, үч мүнөт берип, бийлик өкүлдөрү коштоп албашы керек. Биз мындай курултайды каалаган эмеспиз да.

Ошентип жатса курултай саясий, мамлекеттик деңгээлдеги маселелерди кантип көтөрөт? “Жергиликтүү деңгээлдеги клуб жок, мектеп, бала бакча, көпүрө жок” дегенди айтышат” десем, президент “ошол туура болду го, биринчи курултайдан бери ал жыйында айтылган көп маселелер чечилди” деди. Анда айыл өкмөт, аким, облус жетекчилери, министрликтер эмне иш кылышат? Кыскасы, президенттин улуттук жыйын өткөргөнгө каалоосу жок экен, мен ага нааразы болуп кала бердим.

- Турсунбек мырза, дагы бир суроо. Социалдык тармактарда өз оюн айткандар суракка чакырылып жатат. Акыркысы он бир журналист, блогерлер чогуу камалды. Ушул маселени козгодуңузбу?- Козгодум. Айтсам “эми ал блогерлер турбайбы, журналисттер эмес, анан алар бизди уруштуруп жатат, талаштырып жатышат, айрымдары опуза кылып жатат" деди. Мен “блогер болобу, журналист болобу, ар бир адам Конституция боюнча өз пикирин ачык билдиргенге укуктуу” дедим. Кыскасы, президент алардын камалганы туура дегендей пикирде.

Ошондой эле жолугушууда Кемпир-Абад иши, Адахан Мадумаров боюнча соттор ачык өткөнү туура дедим, сот ачык өтсө элдин баары билип, көрүп алат, күнөөсү болсо, булар күнөөлүү тура дейт, күнөөсү жок, жабык сот болсо анда будамайлаган, куугунтуктаган болуп калат. Президент сотту "ачык өткөрүү маселесин карайлы" деп калды. Эми Олжобай Шакирдин ишин алалы. Аны митинг өткөрүүгө чакырды деп айыптап жатышат, эми Олжобайда эмне күнөө? Биз баарыбыз эле айтып жүрдүк го. Акаевдин убагында “Акаев кетсин!” дедик, “Бакиев кетсин!”, “Атамбаев кетсин!” деп жүрдүк, Сооронбай Жээнбековдун тушунда “Реакция” деген митингдер өтүп жатты, аларды эч ким камаган жок да.

Менин айтайын деген дагы бир пикирим – кээ бир журналисттер, айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү демократиянын да кадырына жетпей, ээн ооздонуп, бийлик өкүлдөрүнө негизсиз асылып, адамдардын аброюна жөн жерден асылган учурлар да болду, аны моюнга алышыбыз керек. Бирок, Эдил Байсалов айткандай "тарбиялык мааниде" деп адамды камаган болбойт, тарбия ата-энеден, мектептен болот, болбосо чоң адамды кантип бийлик тарбиялайт, бийлик тарбиялабайт андайларды. Биз демократиялык коом курдук да, алардын канчаларынын көзү өтүп кетти.

Биз азыр жашыбыз 60тан өтсө дагы демократиялык коомду куралы, аны сактап калалы деп пикирибизди, акылыбызды айтып жатабыз. Кыргыздар өздөрү тубаса демократ эл болот, андыктан кыргыздарды муунтуп, коркутуп-үркүтүп алам дегендин өзү туура эмес. Ошондуктан мен президент Садыр Жапаровго ишенем, ал мени менен сүйлөшкөндөн улам эле эмес, жалпы бир жыйынтык чыгарып, бул жолдон тайып, чыныгы демократиялык жолго түшүп, баары менен сүйлөшүп, диалог куруп, баарын душман кылбай, аларды тескерисинче дос кылып, жалпы журттун жетекчиси катары, баарына калыс, тегиз, адилет карап, укуктук мамиле кылат деген ойдомун.

- Маегиңизге рахмат.

P.S. Президент Садыр Жапаров коомдук ишмер Турсунбек Акунду кабыл алганы жана эмне маселелерди талкуулаганы тууралуу расмий маалымат берилген эмес.