Башкы прокурор Курманкул Зулушев Кыргызстанда 2023-жылы балдарга каршы 1 832 кылмыш жасалганын билдирди. Бул тууралуу ал 31-январда прокуратура органдарынын өткөн жылдагы ишмердиги тууралуу Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйынында айтты.
Анын сөзүнө караганда, мунун ичинен 478и Бишкекте, 427и Чүй облусунда, 220ы Жалал-Абадда, 225и Ош облусунда, 177и Ош шаарында, 119у Ысык-Көлдө, 89у Баткенде, 58и Нарында жана 39у Таласта катталган.
Акыйкатчы институту 2022-жылы Кыргызстанда жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылып, 32% гана сотко жеткенин маалымдаган. Калган 37% создуктурулуп, өндүрүштө калган.
Балдарга жана аялдарга каршы зордук-зомбулук токтобой жатканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев да белгилеген. Ал былтыр 17-ноябрда Чүй облусу боюнча Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында мекеменин кызматкерлерин өлкөдө аялдар менен балдарга жасалып жаткан зомбулукка каршы күрөшүүгө үндөгөн. (BTo)
Дагы караңыз
Үч айда психотроптук заттарды саткан алты дарыканага айып пул салынганПрезидент Кыргыз футбол союзунун жетекчилигине Ташиевди сунуштадыМилиция Кара-Сууда Фейсбуктун колдонуучусу кармалганын билдирдиОшто журналисттер “ЖМК жөнүндө” документке бушаймандык билдиришти30-январь: Мадумаровдун соту, эки комитет ЖМК долбоорун колдоду, Газа боюнча жаңы сунуш