Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:53

Ошто журналисттер “ЖМК жөнүндө” документке бушаймандык билдиришти


Ошто өткөн жыйын. 30-январь, 2024-жыл.
Ошто өткөн жыйын. 30-январь, 2024-жыл.

30-январда Ош шаарында “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды. Жыйынга Оштогу журналисттер, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, юристтер катышты. Иш-чаранын катышуучулары документ сөз эркиндиги үчүн кооптуу экенин эскертишти.

“Менин пикиримде бул мыйзам долбоорлордун артыкчылыгына караганда, журналисттердин жана бейөкмөт уюмдарын ишин чектей турган жактары көп. Бейөкмөт уюм дегенде эле саясий маселелер менен иштеген уюмдарды эмес, башкаларын да түшүнүшүбүз керек. Социалдык, экономикалык жаатта иштеген аябай көп уюмдар бар”, - деди юрист Асылбек Кунгуров.

23-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документти экинчи окууда колдоду. Долбоор эми парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.

Коомчулукта “Чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунун автору Надира Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт” деп айтып келет.

“Адилет” укуктук клиникасы депутат Надира Нарматова негизги автор болгон документти иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган.

30-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттери “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Документ кабыл алынса бардык ЖМКлар кайра каттоодон өтүп, каржы булагын көрсөтүшү керек болот.

Эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, укук коргоочулар бул мыйзам долбоорлору сөз эркиндигин чектей турганын эскертип келишет. (DSh)

XS
SM
MD
LG