Орусияда президенттик шайлоого катыша турганын билдирген талапкерлердин экөө жарыштан чыгып жатканын жарыялап, азыркы президент Владимир Путинди колдоого үндөштү.
"Орусиянын жалпы элдик союзу" партиясынын лидери Сергей Бабурин талапкерлигин алып жатканын Борбордук шайлоо комиссиясына топтолгон кол тууралуу документтерин тапшырар замат жарыялады. Анда эмне үчүн кол чогултканы тууралуу суроого жооп берген жок.
Улутчул, империячыл саясатчы катары таанылган Бабурин 2018-жылдагы шайлоого да катышып, акыркы орунду ээлеген.
Ирина Свиридованы талапкер кылып көрсөткөн «Демократиялык партия» ал тийиштүү 100 миң колду топтой албай калганын, ошондуктан өнөктүктөн чыгып жатканын билдирди. Ал дагы Путинди колдоого чакырды.
Ошентип, 30-январга карата, талапкерлер 9 киши калды. Алардын төртөө, анын ичинде бешинчи мөөнөткө калганы жаткан Путин, Боршайкомдун каттоосунан өтүштү.
Азыркы мамлекет башчы Путин ушуну менен президенттикке бешинчи жолу аттанууда. Конституцияга киргизилген, бирок эксперттердин сынына кабылган өзгөртүүлөргө ылайык, бул кызматка 2000-жылы киришкен жетекчи эми бешинчи да, алтынчы да жолу шайлоого катыша алат.
«Свобода» радиосу белгилегендей, Путин үчүн кол топтоо көптөгөн мыйзам бузуу менен коштолду. Мисалы, кол топтоого участкалык комиссия аралашпашы керек деген талапка карабастан Санкт-Петербургда ошондой факт катталган. Аймактарда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кол топтоонун жүрүшү тууралуу маалымат бергенде, мыйзамдагы тыюуга карабастан, Путинди ачыктан ачык мактап, ага үгүттөшкөн.
Путинди мыйзам бузуулардан улам каттоого албоо талабы менен Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жолдонгон. Ага Орусиянын түрдүү деңгээлдеги азыркы жана мурдагы депутаттарынан 26 киши кол койгон.
Кол топтоо 31 январда аяктайт. Добуш берүү 15-17-март күндөрү өтөт. (RK)
Дагы караңыз
Президент Ташиевге футболду колго алууну сунуштады Парламентте дагы бир комитет ЖМК долбоорун биринчи окууда колдодуПакистанда мурдагы премьер-министр Имран Хан дагы он жылга соттолдуTI: Кыргызстан жемкорлук боюнча рейтингде бир баскыч артка кетти