Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:03

Пакистанда мурдагы премьер-министр Имран Хан дагы он жылга соттолду


Имран Хан.
Имран Хан.

Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хан жана анын Pakistan Tehreek-e-Insaf (PTI) партиясынан депутат Шах Махмуд Куреши «мамлекеттик купуя сырды ачыктаган» деген айып менен ар бири 10 жылдык абак мөөнөтүнө кесилишти. Сот өкүмү 30-январда жарыяланды.

PTI партиясы соттун бүгүнкү өкүмүнө каршы жогорку инстанцияга арызданарын билдирди.

Reuters агенттиги Лахор шаарында сурамжылоо жүргүзгөндө көбү Ханды колдой турганын айтышты:

«Ким чынчыл адам экенин, ал эми ким өлкөбүздү тоноп жатканын баарыбыз жакшы билебиз. Имран Хан биздин акыркы үмүтүбүз», - деди өзүн Саадия Ахсан деп тааныштырган кыз.

Парламент ишенбөөчүлүк жарыялап, 2022-жылы апрелде өкмөт башчылык кызматтан кеткен Хан азыр пара алууга байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча үч жылдык жаза мөөнөтүн түрмөдө өтөөдө.

Ал 8-февралда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген, бирок бул укугунан ажыратылган.

Сот Хан 2022-жылы кызматан алынгандан кийинки аны колдогон митингдердин биринде конфиденциалдык деп эсептелген дипломатиялык документти эл алдына алып чыгып, ачык көрсөткөнү мыйзам бузуу болгон деген тыянакка келди. Ошол митингде Хан аталган документти анын кызматтан алынышын Пакистандын Куралдуу күчтөрү Кошмо Штаттар менен бирге уюштуруп, ишке ашырышканынын далили деп атаган.

АКШ да, Пакистан да мындай айыптоону четке кагышкан.

Шайлоого катышууга тыюу салынганына карабастан мурдагы крикет жылдызы, 71 жаштагы Хан өзү жана анын партиясы Пакистанда эл арасында чоң колдоого ээ.

Алдыдагы шайлоодогу негизги атаандаштар деп Pakistan Tehreek-e-Insaf жана өлкөнүн дагы бир мурдагы премьер-министри, Хандын көптөн берки саясий атаандашы Наваз Шарифтин «Пакистан мусулман лигасы» партиясы аталууда.

Наваз Шарифке да бир катар кылмыш иши козголгон. Төрт жыл чет жакта жүрүп, ал былтыр 21-октябрда мекенине кайтып барган жана шайлоо өнөктүгүн баштаган.

241 миллион калкы бар Пакистан элинин жашоо деңгээли төмөндөп, оор экономикалык кризисти башынан кечирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG