Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:13

Парламентте дагы бир комитет ЖМК долбоорун биринчи окууда колдоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети 30-январда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда анын концепциясын кабыл алды. Аны жыйынга катышкан депутаттардын бардыгы колдоду.

Комитеттин төрагасы Сүйүн Өмүрзаков жыйында айтылган кемчилик, сунуштарды эске алуу менен кызыкдар тараптардын катышуусунда парламенттик угуу өткөрүүнү сунуштады.

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев Конституциянын 63-беренесин ("Сөз жана басма сөз жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиктерин чектеген мыйзамдардын кабыл алынышына тыюу салынат") эске салып, "ЖМК жөнүндө" мыйзам долбоору келечекте аны тыюуга, чектөөгө алып келеби, жокпу деген суроо узатты.

"Комитетте отургандар кеминде 25-30 жылдан укук коргоо жана башка органдарда иштеп келген кишилербиз. Биз практик, юристтербиз. Ушуну мындайынан дагы, тигиндейинен дагы көргөн кишилербиз. Ошондуктан азыр коомчулук, жарандык коом, маалымат булактары сиздерге, өкмөткө баа берсин", - деди Эрбаев.

Мыйзамдын долбоору боюнча баяндама жасаган маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу сунушталып жаткеан мыйзамдын долбоору "ЖМКларды иретке келтирүү, жоопкерчиликти аныктоо үчүн сунушталып жатканын" айтты.

Мунун алдында парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети мыйзам долбоорун талкуулап, депутаттардын көпчүлүк добушу менен биринчи окууда кабыл алган.

Жыйында депутат Бактыбек Чойбеков долбоор журналисттердин эркиндигин чектей турганын белгилеп, мыйзам долбоору боюнча министрлик медиа өкүлдөрү менен эки жолу гана жыйын өткөргөнүн айтып, сынга алды.

Долбоор парламенттеги алты тармактык комитетке киргизилген.

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковдун сөзүнө караганда, ушул тапта Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн. Сунушталып жаткан документ кабыл алынса, каттоону Юстиция министрлиги жүргүзөт. Каттоо үчүн үч документ талап кылынат. Алар: арыз берүү, ЖМК түзүү тууралуу маалымат жана чечим. ЖМК катары каттоодон өтүүдө анын каржылоо булагы так көрсөтүлүшү керек болот.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн 2022-жылы декабрда жумушчу топ түзгөн. Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштарын акыркы 5-вариантка киргизбей калганда, алар Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, мыйзамды мындай абалда кабыл албоого чакырышкан.

Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.

XS
SM
MD
LG