Стамбулда католиктердин чиркөөсүнө кол салган эки чет өлкөлүк кармалды

Түрк полициясы Санта-Мария чиркөөсүнүн жанында күзөттө турат. Стамбул, Түркия. 28-январь, 2024-жыл.

Расмий Анкара жекшембиде Стамбулда католиктердин чиркөөсүндө бир кишини өлтүргөн шектүүлөр кармалганын, алар орусиялык жана тажикстандык жарандар экенин ачыктады. Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая жалпысынан 47 киши кармалганын, алардын дээрлик көпчүлүгү "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрү болушу ыктымал экенин билдирди.

"Шектүүлөрдүн экөө тең чет өлкөлүк жарандар. Бирөө Тажикстандан, экинчиси Орусиядан келген. Алардын ИМге мүчөлүгү иликтенүүдө", - деп жазды Йерликая Х баракчасына.

Расмий Дүйшөмбү эч кандай билдирүү жасай элек.

28-январда Стамбулда беткапчан эки адам таат окулуп жаткан маалда католиктердин чиркөөсүнө кол салган. Окуя жергиликтүү убакыт боюнча саат 11.40 чамасында Сырыер-Бүйүкдере районундагы Санта-Мария чиркөөсүндө болгон.

Стамбул шаарынын губернатору Давут Гүл 52 жаштагы Тунжер Жихан атуу киши каза тапканын, башка жараат алгандар жок экенин кабарлады. Кол салууга эмне себеп болгону азырынча беймаалым.

Өткөн айда Түркияда христиандардын храмдарын жана синагогаларды, Ирактын элчилигин бутага алган теракттарды даярдаган деген шек менен 30дан ашуун киши кармалган. Алар "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрү болгону айтылган. (ElB)

Дагы караңыз

FT: Венгрия Украинага жардам бөлүүгө каршы чыга турган болсо экономикалык чарага кабылатОлжобай Шакир: Агартуучулук күрөштө “Азаттык” тоодой таяныч болду Кыйноону алдын алуу борбору ИИМди журналисттерди тергөө абагына которууга чакырды