Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:41

FT: Венгрия Украинага жардам бөлүүгө каршы чыга турган болсо экономикалык чарага кабылат


Виктор Орбан.
Виктор Орбан.

Европа Биримдиги эгер 1-февралда өтө турган саммитинде Венгрия өкмөтү Украинага 50 миллиард евролук жардам тууралуу чечимге кайрадан каршы чыга турган болсо, ага экономикалык чара көрүлүшү мүмкүн экенин бүгүн 29-январда Financial Times басылмасы жазды. Макалада айтылгандай, Евробиримдик катаал чара көрүүгө даярдыгы жөнүндө документ иштелип чыкты.

«Брюссель Венгриянын экономикасынын эң талылуу багыттарын бутага алуучу, валютасын алсыратуучу жана инвесторлордун ишенимин азайтуучу чаралар камтылган стратегия иштеп чыкты. Документте бул өлкөдө инфляциянын деңгээли өтө жогору болуп турганы, улуттук валютасы күчсүз абалда экени жана Евробиримдикке мүчө өлкөлөр арасынан акчасы карызды төлөөгө эң көп кетип жаткан өлкө экени белгиленди. Эгер Будапешт Украинага жардам бөлүүгө каршы чыга турган болсо, ушул планды колдонушат», – деп жазды FT.

Венгрия өкмөтүнүн Евробиримдиктин иштери боюнча министри Янош Бока уюмдун жетекчилигинин мындай планы тууралуу кабары жок экенин, бирок, кандай болгондо да, Будапешт өз багытынан чегинбей турганын, сүйлөшүү уланып жатканын билдирди.

Айрым маалымат каражаттары Будапешт эгер Киевге берилүүчү жардамды жыл сайын кайра карап чыгууга мүмкүнчүлүк берилсе, ветосун алууга даяр экенин жазып чыгышкан.

Евробиримдиктин бюджетинен Украинага 50 миллиард евро бөлүү тууралуу чечимге Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан уюмдун декабрдагы саммитинде бөгөт койгон. Бул маселе эми 1-февралдагы саммиттие каралганы жатат.

Орбандын Украинага сапары даярдалып жатканын бүгүн 29-январда Украинанын европалык жана евроатлантикалык интеграциясы боюнча вице-премьер-министри Ольга Стефанишина билдирди. Анын айтымында, сапарды уюштуруу маселеси Украинанын батышындагы Ужгород шаарында бүгүн өткөнү жатат, ага эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Дмитрий Кулеба жана Петер Сийярто катышат. (RK)

XS
SM
MD
LG