“Сапат” билим берүү мекемесинин Кызыл-Кыя шаарындагы Исхак Раззаков атындагы лицейинде окуучуну сабаган деп шек саналып жаткан мугалим дагы жети баланы токмоктогону кабарланды.
Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 29-январдагы жыйынында айтты. Ал лицейдеги окуяны иликтөө үчүн министрликте түзүлгөн комиссиянын ишинин жыйынтыгы чыкканын кошумчалады.
“Биз окуучулардын арасында психологиялык тест жүргүздүк. Анын жыйынтыгында жеке эле бир бала эмес, дагы жети окуучу ошол мугалимден жабыркаган экен”, - деди ал.
25-январда Баткен облустук милициясы аталган лицейде окуучуларга күч колдонгон деп шек саналган 35 жаштагы мугалим кармалганын билдирген. Ага Кылмыш-Жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен айып тагылды.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов шектүү үй камагына чыгарылып, иш тергелип жатканын айтты.
Мунун алдында “Сапат” билим берүү мекемеси билдирүү таратып, окуучуларга кол көтөргөн мугалим менен лицейдин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары жумуштан алынганын билдирген.
Милиция окуя 22-январдын кечинде болгонун, кармалган мугалим 16 жаштагы окуучу уктоочу бөлмөдө достору менен сүйлөшүп отуруп, бакырып күлгөндүктөн аны коридорго алып чыгып сабаганын кабарлаган.
Ага чейин социалдык тармактарда мугалим окуучуну ур-токмокко алып жатканы тартылган видео тараган.
Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Сапат” эл аралык билим берүү мекемелери мыкты мектеп катары белгилүү. Кыргыз бийлиги 2017-жылдын башында "Себат" лицейин "Сапат" деп өзгөртүп, жарым-жартылай өкмөттүн ээлигине алган. “Сапаттын" өлкө аймагында ондогон лицейлери, бир университети бар. (BTo)
Дагы караңыз
Украина: Орусиянын соккусунан кийин беш кишинин сөөгү уранды алдынан чыгарылды Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда кар жаайтФутбол уюмунун президенти Медербек Сыдыков кызматтан кеттиЖазуучу Мелис Абакиров дүйнө салдыПрезидент Жапаров расмий сапар менен Казакстанга баратЮНИСЕФ ӨКМге 4,7 млн сомдук 25 чатыр бердиОрусияда киши өлтүрүп соттолгон адамга согушка катышканы үчүн ырайым берилди