Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:14

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда кар жаайт


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Шашылыш билдирүү!

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 31-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашууда, Чычкан капчыгайында, Ала-Бел ашуусунда, Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу автоунаа жолунун 55-115 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-48-чакырымдарында жана Чоң-Ашуу ашуусунда, Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык автоунаа жолунун 97-98-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолундагы Чапчыма ашуусунда жана Красная-Горка-Акташ автоунаа жолунун 0-3-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

30-январда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1;

Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1;

Баткен,Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5 градус, күндүз 2…7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4 градус болот.

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, ал эми күндүз -3...-8 градус болот.

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -21...-26, күндүз -5...-10° градус суук болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 0…-2 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG