Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Жазуучу Мелис Абакиров дүйнө салды


Мелис Абакиров.
Мелис Абакиров.

Кыргыз эл жазуучусу, үчүнчү даражадагы “Манас” орденинин ээси Мелис Абакиров 84 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Жазуучулар союзу Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Мелис Абакиров Чүй районунун Бурана айылында 1940-жылы 15-мартта туулган. 1963-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1963-жылы мугалим болуп иштөөдөн баштаган. Кийин Ысык-Көл облусундагы Тоң райондук "Эмгекчил", "Ленинчил жаш", "Советтик Кыргызстан" гезиттеринде иштеген.
Кыргыз ССРинин Мамлекеттик басма комитетинин башкы редактору, "Мектеп", "Адабият" басмасында, "Акыл" акционердик коомунун төрагасынын орун басары, "Кыргызстан" басма үйүнүн башкы редактору, Улуттук Жазуучулар союзунун катчысы болуп иштеген.

Алгачкы аңгемелери студенттик жылдарда, 1978-жылы "Жаштык рапсодиясы" аттуу биринчи аңгемелер жыйнагы жарык көргөн.

Л.Н.Толстойдун, Х.Хименестин, О.Шестинскийдин, Арпад Генцтин жана башкалардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Мелис Абакиров Жазуучулар жана журналисттер союзунун мүчөсү.

Кыргыз тилинде “Жаштык рапсодиясы”, “Жинди сабыр”, “Канталамай”, “Чоң энемдин жомогу”, “Алмалуу бак”, “Алчалуу төр”, “Көкөй кести”, “О, опаасыз, опаасыз дүйнө”, “Барымта” ж.б. аңгеме, повесть, романдары, орус тилинде “Сказки моей бабушки”, “Расподия молодости” “Герои эпоса “Манас”, “Верблюд и мышь”, “Азарт”, “Детство в годы изгнания”, башка тилдерде “Энемиң эртекилери”, “Катагонда утган болалик” китептери жарык көргөн.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 31-январда саат 11:00дө Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG