Орусияда киши өлтүрүп соттолгон адамга согушка катышканы үчүн ырайым берилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Украинадагы согуш тууралуу талашта таанышын өлтүрүп соттолгон Белгороддун тургуну Андрей Михаэлис өз каалоосу менен "атайын операцияга" (Орусия Украинага кол салганын ушинтип атайт) катышып келгенден кийин ырайым берилип, жазадан бошотулду.

2022-жылы октябрь айында Белгород райондук соту Михаэлисти он жылга эркинен ажыратып, катаал режимде абакка кескен. Кылмыш иши боюнча материалдарга караганда, апрелде самогон ичип отурган таанышы экөөнүн ортосунда "Украинадагы атайын операцияга" байланыштуу пикир келишпестик жаралган. Михаэлис жанындагы адамды темир таяк жана шыпыргы менен өлгүчө сабап салган.

Маалыматтарга караганда, Михаэлис ага чейин дагы бир нече кылмышка айыпталып кармалган. 2014-жылы "адам өмүрүнө оор залал келтиргени", 2017-жылы "маңзат пайдаланганы", 2018-жылы административдик мыйзамды бузганы үчүн соттолгон.

Киши өлтүрүп соттолгондон кийин Михаэлис келишим түзүп, Украинадагы согушка барган. Жарым жылдан кийин орус президентинин жарлыгы менен ырайым алган.

Дагы караңыз

Өкмөт картошка менен пахтанын аянтын азайтууну сунуштады Финляндияда президент биринчи айлампада шайланбай калды Транспорт министрлигинде 1 млрд сомдон ашык мыйзам бузуу аныкталдыУкраинадагы согушка катышкан дагы бир "вагнерчи" киши өлтүрүүгө айыпталып кармалды