Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:20

Финляндияда президент биринчи айлампада шайланбай калды


Александр Стубб.
Александр Стубб.

Финляндияда жекшемби, 28-январда президенттик шайлоо өттү. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча президент добуш берүүнүн экинчи айлампасында аныкталганы калды.

Тогуз талапкердин бири да биринчи турда зарыл болгон 50% ашык добуш топтой албады. Оңчул-борборчул "Коалициялык партиясынын" талапкери, мурдагы премьер-министр Александр Стубб 27% ашык добуш менен алдыда турат. Башка талапкерлердин ичинен дээрлик 26% добуш менен "Жашылдар партиясынын" мүчөсү жана мурдагы тышкы иштер министри Пекка Хаавистонун экинчи турга чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору.

Шайлоонун экинчи туру 11-февралга белгиленди. Учурда президенттик кызматты белгилүү саясатчы Саули Ниинистё аркалап жатат. Ал өлкөнү 2012-жылдан бери башкарып келатат. Конституция боюнча ал президенттикке ат салыша албайт.

Финляндия - президенттин ыйгарым укуктары чектелген парламенттик республика. Ошол эле учурда мамлекет башчысы куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы болуп саналат жана өкмөт менен бирдикте өлкөнүн тышкы саясатын аныктайт.

Коңшу Орусия менен Украинадагы согуштан улам чыңалуу күчөгөндүктөн, Финляндияда президенттик кызматтын мааниси жогорулады. Орус армиясы Украинага бастырып киргенден көп өтпөй Финляндия Швеция менен бирге НАТОго мүчө болуу үчүн арыз берип, былтыр апрелде альянстын 31-мүчөсү болгон.

Орусиянын президенти Владимир Путин Хельсинкинин салттуу нейтралитет саясатынан баш тартып, НАТОго кошулуусун жаңылыштык деп атаган. Финляндиянын коопсуздугуна эч кандай коркунуч жок деп ишендирди.

"Путин ошондой эле тышкы саясаттагы өзгөрүү эки тараптуу мамилелерге "терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин билдирди", - деп жазган РБК.

Финляндия 11-январда Орусия менен чек арасын жабык кармоо режимин дагы төрт аптага, 11-февралга чейин узарткан. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги муну менен мекеме ортодогу чек ара бекеттери жабык бойдон калары тууралуу маалыматты тастыктаган.

Финляндия Орусия менен чек арасын башпаанек сурап кайрылгандар көбөйгөнүнө байланыштуу өткөн жылдын соңунда жапкан жана муну Москванын атайын пландаган кадамы деп сыпаттаган. Кремль мындай айыптоону четке каккан.

XS
SM
MD
LG