Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун Бишкек менен Оштогу 80 млн долларлык мүлкү конфискация болгонун билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-январда Ош облусунун Кара-Суу районунда соодагерлер менен жолугушуу учурунда айтты.
"Раимбек Матраимов качып кетти эле, анын Бишкек жана Оштон конфискация болгон мүлкүнүн өзү эле 80 млн долларга барып калды. Көптөгөн ишканаларды, курулуш, жер тилкелерин, завод, фабрикаларды алып койгон. Бир адам ушинтип кан болуп жатса, башка эл жыргап жашамак беле. Башка эл ошолордун астында, ошолордун берген анча-мынча бир нерсесине башын ийип жашайт да. Андай болбошу керек", - деди Ташиев.
Атайын кызматтын башчысы мамлекет ачык жана таза иштеген ишкерликти колдой турганын кошумчалады. Ошондой эле Матраимовго байланыштуу Ош облусу боюнча 50гө жакын ар кандай мамлекеттик органдардын жетекчилери кызматтан алынганын айткан.
Мунун алдында УКМК төрөгасы Матраимовго издөө жарыяланганын айтып, анын бардык мүлкү мамлекетке алынарын билдирген.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берилгени 26-январда белгилүү болгон.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр ноябрда Райымбек Матраимовду жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө “мафия түзгөн” деп айыптаган.
Матраимов акыркы окуялар тууралуу комментарий бере элек. Анын азыр кай жакта экени белгисиз.
2021-жылы да УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.
2019-жылы “Азаттык” радиосу өнөктөштөрү OCCRP жана “Клооп" менен бирге жасаган “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо” деген иликтөөдө журналисттер тапкан фактыларга нааразы болгон кыргызстандыктар көчөгө чыккан. Иликтөөдө Матраимов Борбор Азияда көмүскө карго компаниясын түзгөн кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырды кантип калкалап турганынын бети ачылган. (КЕ)