Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:51

Жаза аткаруу кызматы түрмөдөгү тополоң басылганын билдирди


ЖАК тараткан сүрөт. Кыргызстандагы абак жайлардын бири.
ЖАК тараткан сүрөт. Кыргызстандагы абак жайлардын бири.

Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматы №1 түзөтүү мекемесинде болжол менен 50-60 адамдан турган соттолгондордун тобу мекеменин кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбестик көргөзгөнүн бүгүн, 27-январда кабарлады. Расмий маалыматка караганда, бул аракеттердин уюштуруучулары жана үгүттөгөндөр аныкталды.

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, 11 грамм баңгизаты, 22 уюлдук телефон, 120 даана кесүүчү-саюучу буюмдар, курамында спирт бар колго жасалган 1 л зат жана 146 даана ар кандай буюмдар табылып, алынды.

​Аталган фактылар боюнча тергөө иштери башталды.

№1 түзөтүү мекемеси Чүйдүн Молдовановка айылында жайгашкан.

ЖАК тараткан сүрөт. Кыргызстандагы абак жайлардын биринен алынган телефондор.
ЖАК тараткан сүрөт. Кыргызстандагы абак жайлардын биринен алынган телефондор.

"№1 түзөтүү мекемесинде кырдаал туруктуу, мекеме штаттык режимде иштеп жатат", - деп жазылган маалыматта.

Кыргызстандагы абак жайлардын биринен алынган буюмдар.
Кыргызстандагы абак жайлардын биринен алынган буюмдар.

Жаза аткаруу кызматы абак жайлардын биринен тыюу салынган ондогон буюмдар табылганын 26-январда билдирген. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, тыюу салынган буюмдарды табуу жана конфискациялоо, мүмкүн болгон жер астындагы казууларды жана башка качууга даярдыктарды аныктоо максатында жаза өтөөчү жайлардын биринде жалпы тинтүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында 100гө чукул мобилдик телефон, 160тан ашуун саюучу-кесүүчү буюмдар, акча каражаттары табылып, алынган.

Ички тартип эрежелерине баш ийбеген соттолгондор айып изоляторуна киргизилген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG