Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:02

Балыкчы: кызды сүзүп кеткен жол кырсыгына байланыштуу милиция башчысы кармалды


Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев. ИИМдин сүрөтү.
Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев. ИИМдин сүрөтү.

Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Бир аз мурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаевге издөө жарыяланганын маалымдаган. Атайын кызматтын маалыматына караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренесинин 2-бөлүгүндө (Коркунучта калтыруу, этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген жосун) каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.

“2024-жылдын 27-январында ички иштер органдарынын кызматкери жана ведомстволук транспорт каражаттары катышкан кылмышты объективдүү жана ар тараптуу иликтөөнү камсыз кылуу максатында, Кылмыш ишин тергөө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлдү. Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында УКМК Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Осмонбаев Бектур Казаковичке издөө жарыялады” деп айтылган атайын кызматтын маалыматында.

26-январда түш ченде Балыкчы шаарында жол боюнда турган 12 жаштагы окуучу кызды автоунаа коюп кетип, ал видеокамераларга түшүп калган.

Кырсыктан кийин Балыкчы шаарындагы аймактык тескөөчү, милиция кызматкери рулда ал болгонун айтып, күнөөнү моюнга аларын билдирген. Бирок жергиликтүү тургундар автоунааны ал эмес, агасы - Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев башкарып баратканын айтып, окуя болгон жерден качып кеткен деп нааразы болушкан.

Милиция кызды сүзүп кеткен машина Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө тиешелүү Geely Monjaro үлгүсүндөгү автоунаа болгонун ырастаган. Ошондой эле Ички иштер министрлиги кырсыкка байланыштуу Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев менен анын милицияда иштеген иниси кызматтарынан бошотулганын кабарлаган.

Автоунаа сүзүп кеткен кыз учурда Балыкчыда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Эсине келип, сүйлөп калды. Анын абалы оор, бирок туруктуу деп бааланууда. Бул тууралуу Балыкчы шаардык жалпы дарыгерлик практика борборунун директорунун орун басары Алмаз Кенжебеков "Азаттыкка" билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, 2023-жылдын тогуз айында 4 миң 800 жол кырсыгы катталып, андан 489 адам көз жумган. 2022-жылы 7040 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жараат алып, 690 адам каза болгон.

XS
SM
MD
LG