Кыргыз-тажик чек арасы: жумушчу топ тактала элек аймактарда иштеди

Топографиялык жумушчу топтун жолугушуусу. 2024, январь

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча жумушчу топтору менен топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу 21-январдан 27-январга чейин Согди облусунун Бустон шаарында өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинети кабарлады.

"Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек калган аймактарында биргелешкен ишмердүүлүктү жүргүзүп, ишти Кыргызстандын аймагында боло турган кийинки жолугушууда улантууну чечишти", - деп жазылган маалыматта.

26-январда Бустон шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өткөн. Алар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек аймактарын делимитациялоону улантуу маселесин талкуулаганын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлаган.

Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун сүйлөшүүлөрүн мындан ары активдештирүү боюнча тапшырмаларды беришкен.

Жумушчу топтун буга чейинки жолугушуусу 10-16-январда Баткен шаарында өткөн. Анда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 38,35 чакырымы дагы макулдашылганы кабарланган.

Президент Садыр Жапаров 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып, Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып каларын айткан.

Буга чейин чек ара такталбаган тилкелерде эки тараптан тең адам өмүрүн кыйган окуялар катталган. (КЕ)

Дагы караңыз

Bloomberg: Путин АКШга сүйлөшүүлөргө даяр экенин ишарат кылдыПутин Украинадагы аскерлердин санын 600 миң деп бааладыАскер бөлүгүнүн башчысы кымбат баалуу платаларды сатууга шектелип кармалдыБалыкчы: окуучу кызды сүзүп кеткен окуядан кийин милициянын башчысы жана иниси иштен алынды