Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Bloomberg: Путин АКШга сүйлөшүүлөргө даяр экенин ишарат кылды


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадагы тынчтык тууралуу сүйлөшүүлөргө даяр экенин АКШга ишарат кылды. Ошол эле маалда ал бул өлкөнүн коопсуздугуна кепилдик берүүгө макул болуп, ал тургай бейтараптуулук талабынан баш тартууга даяр. Бирок Орусия оккупацияланган украин аймактарынан баш тартпайт, - деп билдирет Bloomberg. Басылма бул тууралуу Кремлге жакын эки булакка шилтеме кылып жазган.

Bloomberg басылмасынын маалыматына караганда, Путин өзүнүн ишаратын АКШ өкүлдөрүнө “кыйыр түрдө” жеткирген. Басылманын Жо Байдендин администрациясындагы маектештери алар орус президенти согушту токтотууну чындап эле олуттуу караганынын белгилерин көрбөй жатканын айтышты. Bloomberg Москвадан келген сигналдар Украина менен анын өнөктөштөрүнүн ортосунда согуштагы мындан аркы стратегия маселеси боюнча пикир келишпестиктерди тереңдетүүгө багытталган болушу мүмкүн экенин да белгилеген.

Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Bloomberg агенттигине берген комментарийинде Орусия башкысы максатына жетүүнү көздөй турганын, бирок сүйлөшүүлөрдөн дагы баш тартпай турганын айткан. Орусия ТИМинин өкүлү Мария Захарова дагы ушундай эле пикирди билдирген.

Bloomberg бул материалды жарыялагандан кийин Песков "бул чындыкка коошпой турганын" кабарлады. Жана Орусия Украинанын НАТОго кошулуудан баш тартуусун жана анын бейтарап статусун талап кылуудан баш тартпай турганын айтты.

Киев бул тууралуу комментарий бере элек. Украина расмий түрдө эл аралык коомчулук тааныган бардык аймагынан орус аскерлеринин чыгарылышын талап кылууда. Өлкө ошондой эле Путин менен жеке сүйлөшүүгө расмий түрдө тыюу салат.

Бул орус президенти АКШга тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даярдыгы тууралуу кандайдыр бир ишарат жөнөтүп жатканы тууралууу жазылган биринчи маалымат эмес. Буга чейин АКШга ушул сыяктуу кабар берилгенин The New York Times жазган. Анын материалында Путин тынчтыкка эмес, жаңжалды “тоңдурууга” даяр экени айтылган. Мында эки басалма тең Путиндин негизги шарты - оккупацияланган аймактарды Орусиянын көзөмөлүндө калтыруу экени тууралуу жазган.

XS
SM
MD
LG