Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

Путин Украинадагы аскерлердин санын 600 миң деп баалады


Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадагы согуштук аймакта жайгашкан орус армиясынын санын 600 миң киши деп айтты. Бул армиянын штаттык санынын дээрлик жарымы жана келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскерлердин расмий жарыяланган санына дээрлик барабар.

"Путин Орусиянын басып кирүүсүнө катышкан студенттер менен жолугушууда орус армиясынын согуш жүрүп жаткан аймактагы механизми такай "түзөтүүгө" муктаж экенин айтты",- деп жазды ТАСС. "Согуш аймагы чоң - дээрлик эки миң чакырым. Механизм абдан чоң", - деген Путин.

Владимир Путин 1-декабрда Орусиянын армиясында штаттык кызматкерлердин санын дээрлик 130 миңден 1,3 млн адамга, ал эми армияга чакырылгандардын санын дагы 130 миң кишиге көбөйтүүнү караган жарлыкка кол койгон. Анын айтымына караганда, Орусия басып кирген аймактарда штаттагылардын 45% жүрөт.

Чындыгында пайыздык көрсөткүч мындан жогору же төмөн болушу мүмкүн.

Путиндин баасын көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн эмес жана бул чыныгы сандан айырмаланышы мүмкүн. Эгер бул чындыкка жакын болсо, Орусиянын Украинага басып киришине бир миллиондон ашык адам катышкан болушу ыктымал.

Орусияда аскерге мобилизация 2022-жылы күзүндө жүргөн. Ал убакта орус куралдуу күчтөрүнүн катарына 300 миңдей киши чакырылганы кабарланган.

Декабрда CNN телеканалы АКШнын чалгындоо кызматындагы булактарына таянып, Орусия 2022-жылы басып алууга катышкан 360 миң аскердин 315 миңинен айрылышы мүмкүн экенин билдирген. Адегенде согушка орусиячыл жикчилдердин Донецк жана Лугансктагы аскер бөлүктөрү катышса, азыр Орусиянын аскердик түзүмдөрүнө интеграциялангандар тартылууда.

Орусия Украинага 2022-жылы, 24-февралда кол салган. Би-Би-Синин орус кызматы Орусия Украинага басып киргенден бери кеминде 50 миң адам каза болгон деген божомолун жарыялаган.

XS
SM
MD
LG