Аскер бөлүгүнүн башчысы кымбат баалуу платаларды сатууга шектелип кармалды

Башкы прокуратура тараткан сүрөт.

Башкы прокуратура Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринде сакталып турган 2 млн. 112 миң сомдук платалар жоголгону аныкталганын 26-январда билдирди. Маалыматка ылайык, аскер бөлүктүн мүлктөрүн текшерүү учурунда “Терек” комплексинин радиоэлектрондук аппаратына орнотулган алтын, күмүш, платина, палладий камтылган 407 даана плата жок болуп чыккан. Плата - бул электрондук жабдык.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337 жана 210-беренелери (“Кызмат абалын каянаттык менен пайдалануу”, “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголду. Аскер прокуратурасынын кызматкерлери аталган аскер бөлүгүнүн башчысы Р.Я аттуу жаранды кармап, камакка алынды.

“Учурда кылмышка тиешеси бар башка жоопту кызмат адамдарын аныктоо максатында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Бул иш боюнча Коргоо министрлиги комментарий бере элек.

Дагы караңыз

ЕБ жана АКШ Беларуста жапырт саясий камоо жүрүп жатканын айыпташтыТашиев менен Ятимов чек арадагы тактала элек аймактарды делимитациялоону улантууну талкууладыБишкектеги "Ала-Арча" соода борборунун башчысы кармалдыТИМ Орусияда мигранттарды "казча" бастыргандарды жоопко тартууну өтүндү