Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:22

Бишкектеги "Ала-Арча" соода борборунун башчысы кармалды


"Ала-Арча" соода борбору.
"Ала-Арча" соода борбору.

Бишкектеги "Ала-Арча" соода борборунун башчысы Т. Б. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы тарабынан алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Былтыр ноябрда ИИМдин Тергөө кызматына Бишкектин тургуну кайрылып, 2018-жылы "фаргокоин" деп аталган криптовалюта сатуудан арбын киреше түшөрүн айткан адамдар 22 миң долларын жана 1 млн сомун алдап, алып коюшканын билдирген.

Бул факты боюнча Тергөө кызматы "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында, "Ала-Арча" соода борборунун башкы директору Б. Т. кармалды. Сот чечими менен тергөө абагына камакка алынды.

Коомчулукта кармалган шектүү - "Ала-Арча" соода борборунун башкы директору Байхомбаев Тахир болушу ыктымалдыгы айтылууда.

Декабрь айында "Ала-Арча" соода жана оюн-зоок борборунун 2000 чарчы метр аянты мамлекетке алынган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети аталган борбордун курулушунда мэрия менен түзүлгөн келишим аткарылбаганы буга себеп болгонун билдирген.

“Ала-Арча” соода борбору мурдагы биринчи премьер-министр Аскарбек Шадиевге таандык экени мурдатан белгилүү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG