Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:26

ЕБ жана АКШ Беларуста жапырт саясий камоо жүрүп жатканын айыпташты


Беларус. Архивдик сүрөт.
Беларус. Архивдик сүрөт.

Европа Биримдиги жана Кошмо Штаттар Беларуста соңку бир нече күндө кеминде 159 адам кармалып, өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук комитетинде (КГБ) суракка алынган окуяны айыптап чыгышты.

Евробиримдиктин тышкы саясий мекемесинин башчысы Жозеп Боррелдин билдирүүсүндө «репрессия толкунун эң чечкиндүү түрдө айыптайбыз», – деп айтылды.

Расмий Вашингтон «режимдин адам укуктарына кол салуусу жана Беларус элинин демократиялык умтулууларына тоскоолдук кылуу аракети» болуп жатканын белгилеп, өлкө бийлигин айыптады.

23-январда INeedHelpBY долбоору КГБнын «экстремисттик түзүмдөр” деген тизмесине киргизилген күндөн тартып жапырт кармоо башталган.

«Вясна» укук коргоо борбору күч кызматкерлери Беларустун ар кайсы аймактарында жашаган кеминде 159 адамга барып, айрымдарын кармап кеткенин билдирген.

Саясатчы Николай Статкевичтин жубайы Марина Адамович «ээнбаштык» деген негизде 15 суткага камалган. Статкевич 2021-жылы 14 жылга эркинен ажыратылган, жакындарынын айтымында, соңку бир жылдан бери андан кат-кабар жок болууда.

Витебск шаарынын тургуну, 76 жаштагы демократиялык активист Борис Хамайда кармалган.

Ошол эле шаарда оппозициянын лидерлеринин бири, саясий туткун Павел Северинецтин апасын кармап кетишкени белгилүү болгон.

Ноябрда Беларустун демократиялык күчтөрүнүн лидери Светлана Тихановскаянын кеңешчиси Маргарита Ворихованын апасы кармалган.

"Вясна" борборунун маалыматына караганда, азыркы тапта Беларуста 1415 киши саясий туткун деп таанылган.

INeedHelpBY долбоору саясий репрессиядан жапа тарткан же каржылык оор абалда турган адамдарга азык-түлүк менен жардам көрсөтүп турат.

69 жаштагы Александр Лукашенко Беларусту 1994-жылдан бери башкарып келе жатат. Аны жети жолу президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыялашкан.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдагы шайлоодо ал добуштардын 80% көбүнө ээ болгонун жарыялаган, бирок оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан. Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө башаламандык тутанып, анын баары күч менен катуу басылган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен. Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт.

Президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң бул өлкөдө журналисттерди кармоо да күчөгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG