ТИМ Орусияда мигранттарды "казча" бастыргандарды жоопко тартууну өтүндү

Мигранттардын кодуланганы тартылган видеодон алынды. Январь, 2024-жыл

Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы консулу Гүлнура Нарматова 25-январда Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Александр Иванов менен сүйлөшүү жүргүздү. Сүйлөшүүдө 17-январда орус күч органдарынын Екатеринбургдагы курулуш объектисиндеги рейди учурунда эмгек мигранттарын, алардын ичинде Кыргызстандын жарандарын тизелетип, "казча" бастыргандыгы тууралуу маселе козголгон. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинын басма сөз кызматы кабарлады.

Консул тегине жана жарандыгына карабастан, текшерүү иштерин жүргүзүүдө мындай ыкмаларды колдонууга жол берилбестигин белгилеген. Ошондой эле Нарматова Орусиянын аймагында мыйзамдуу иштеп жүрүшкөн кыргыз жарандарынын ар-намысын басмырлаган мындай ыкмалардын колдонулушунун мыйзамдуулугун текшерүүнү тездетүүгө көмөк көрсөтүүнү жана адам укуктарын бузгандарды жоопко тартууну өтүндү.

Өз кезегинде Иванов орус тарап бул маселени иликтеп жатканын жана жакын арада Башкы консулдукка расмий жооп жөнөтүлө тургандыгын билдирди.

Окуя 17-январда Екатеринбург шаарында болгон. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Екатеринбургдагы Башкы консулдукка таянып тараткан маалыматка караганда, мындай кодулоого туш болгондор арасында үч кыргызстандык болгон.

Орусиянын бул шаарындагы үч курулуш объектисинде жалпысынан 150 чет өлкөлүктүн документтери текшерилген, анын кыркы кыргызстандыктар экени аныкталган. ТИМ Кыргызстандын жарандарынын арасында Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузгандар болбогонун билдирген. Ошондон улам аларды орус жергесинен чыгаруу чечимдери кабыл алынган эмес.

Мекеме интернетте тараган видеонун чоо-жайын тактаганда, кыргызстандык жарандар текшерүү маалында мигранттар укук коргоо органдарынан качууга аракеттенгенин, полиция аларды кармап, кодулаганын айтып беришкен.

Министрлик Кыргызстандын жарандары полиция кызматкерлерине каршы арыз жазуудан баш тартканын кошумчалап, консулдук мигранттарды кемсинткен жоруктун мыйзамдуулугун териштирип жатканын белгилеген.

Рейд маалында мигранттардын кодулоого туш болгону 22-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында көтөрүлгөн. Комитет төрагасы, депутат Улан Примов Орусиянын Мамлекеттик Думасынын тармактык комитетине кайрылуу болорун билдирген. (КЕ)

Дагы караңыз

Ысык-Көлдө изделип жаткан жаран аман-эсен табылдыМосквада америкалык журналист Эван Гершковичтин абак мөөнөтү дагы узардыРакиев кайрылуу жолдоп, муфтийликтен өз ыктыяры менен кеткенин айттыУКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыялады