Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:42

Ракиев кайрылуу жолдоп, муфтийликтен өз ыктыяры менен кеткенин айтты


Mufti of Kyrgyzstan Zamir Rakiev - 20-July 2021 - Замир кары Ракиев
Mufti of Kyrgyzstan Zamir Rakiev - 20-July 2021 - Замир кары Ракиев

Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын башчылыгынан кеткен Закир Ракиев кыргызстандыктарга видео-кайрылуу жасады. Ал кызматтан өз ыктыяры менен кетип, бул өзүнүн гана шартына байланыштуу болгонун айтты.

"Үч жыл ичинде көптөгөн жакшы иштерге жетише алдык. Мамлекеттик мекемелер менен чогуу 5 миңден ашуун иш-чараларды өткөрдүк. Эки жолу эл аралык жыйын, отуз чакты өлкөдөн чакырып, эл аралык куран сынагын уюштурдук. Аллага кайсы жерде, кандай кызматта болбосун, муфтийликтен тышкары деле кызмат кылууга болот", - деди Ракиев.

Ал ошондой эле мечит-медреселердин иши да тескөөгө алынганын кошумчалады.

Замир Ракиевдин өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызы бүгүн, 26-январда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин жалпы жыйынында каралып, жактырылган. Анын ордуна орун басары Самидин Атабаев муфтийдин милдетин аткаруучу болуп бекиди.

Аалымдар кеңешинин алдында түзүлгөн каттоо жана аттестациялоо боюнча комиссия ушул эле күнү Кыргызстандын муфтийи кызматына сынак жарыялады. Талапкер болууну каалагандар 27-январдан 6-февралга чейин талап кылынган документтерди комиссияга тапшырууга тийиш.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жобосуна ылайык, муфтий төрт жылга шайланат. Замир Ракиев муфтий болуп 2021-жылы июнь айында шайланган.

Муфтий коррупция боюнча жоопко тартылган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовго ыраазычылык кат бергени, аны муфтияттын жаңы имаратын курууга аралаштырганы сынга кабылган.

2022-жылы Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жаңы имаратын Матраимов башында турган "Исмаил ата" фонду куруп жатканы ачыкка чыккан. Өткөн жылдын 27-августунда муфтияттын жаңы имаратынын ачылышы болуп, ага Райымбек Матраимов катышкан. Өкмөттүн айрым мүчөлөрү да муфтияттын Матраимов боюнча аракетин сындаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Райымбек Матраимовго издөө жарыялаганы 26-январда маалым болду.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

11-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы Камчы Көлбаев менен Райымбек Матраимовдун “мафиясына” байланышы бар 180ден ашуун киши мамлекеттик кызматтардан алынганын билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG