Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:19

Ысык-Көлдө изделип жаткан жаран аман-эсен табылды


ӨКМдин куткаруучулары. Иллюстрациялык сүрөт.
ӨКМдин куткаруучулары. Иллюстрациялык сүрөт.

Эки күн мурун Ысык-Көлдүн Булан-Сөгөттү айылындагы пансионаттардын биринин жээгинде "жоголду" деп издөө жарыяланган 23 жаштагы Т. Э. табылды. Аны 26-январга караган түндө саат 01:00 чамасында Бишкектен Булан-Сөгөттү айылына бараткан жеринен аман-эсен табылды. Аны жергиликтүү милиция кызматкерлери таанып, аныкташкан.

24-январь күнү Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан пансионаттардын биринин жээгинде аталган жаранга таандык паспорт, кийимдери, сумкасы табылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары, 21 куткаруучу, 19 милиция ызматкери, Кумбел айыл өкмөтүнүн 5 тургуну аны издеп жатышкан.

Ички иштер министрлиги былтыр дайынсыз жоголгон 150 адам табылганын билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG