Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлду.
2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовду жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө “мафия түзгөн” деп айыптаган.
Матраимов акыркы окуялар тууралуу комментарий бере элек. Анын азыр кай жакта экени белгисиз.
2019-жылы “Азаттык” радиосу өнөктөштөрү OCCRP жана “Клооп" менен бирге жасаган “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо” деген иликтөөдө журналисттер тапкан фактыларга нааразы болгон кыргызстандыктар көчөгө чыккан. Иликтөөдө Матраимов Борбор Азияда көмүскө карго компаниясын түзгөн кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырды кантип калкалап турганынын бети ачылган. (BTo)
Дагы караңыз
Замир Ракиев Кыргызстандын муфтийи кызматынан кетип, анын ордуна сынак жарыяланды Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда жол кырсыгы катталдыАбак жайдан тыюу салынган ондогон буюмдар табылдыЖогорку Сот депутат Алимжановдун мандаты боюнча чечимди күчүндө калтырдыКыргызстандын президенти Кытайдын лидерине көңүл айттыПрокуратура мамлекетке 2 млн сом зыян келтирди делген сот акаруучуга кылмыш ишин козгоду