Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Прокуратура мамлекетке 2 млн сом зыян келтирди делген сот акаруучуга кылмыш ишин козгоду


Башкы прокуратура.
Башкы прокуратура.

Башкы прокуратура соттук чечимдердин аткарылышын текшерүүнүн жыйынтыгында Октябрь районунун сот аткаруучусуна карата кылмыш ишин козгоду. Башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту А.Б. жана анын башка тарапташтарын күнөөлүү деп таап, аларга жазаларды белгилеген. Соттун чечими менен мамлекетке келтирилген 310 млн. 281 миңден ашуун сом өлчөмүндө зыянды ортоктош төлөөсү көрсөтүлгөн. Бул иш боюнча соттун чечими качан чыкканы айтылган эмес.

Зыянды өндүрүү жагын аткаруу барагы Бишкек шаарынын Октябрь районунун сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн сот аткаруучусу А.С.га тапшырылган.

"Аталган сот аткаруучу өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, өзү пайда көрүү максатында 3 ай ичинде соттолгон А.Б.нын мүлкүнө камак салган эмес. Ал эми А.Б. аталган убыкыт ичинде Бишкек шаарындагы батирин 2 млн. 3 миң 310 сомго башка жаранга сатып жиберүүгө жетишкен. Натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген", - деп жазылган маалыматта.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козгоду. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Былтыр жазында АКШнын Эл аралык республикалык институту (IRI) өлкөдөгү саясий кырдаал, кыргызстандыктарды түйшөлткөн көйгөйлөр боюнча сурамжылоо жүргүзгөн. Ага катышкандар “Өтө коррупциялашкан мамлекеттик органдар” деп сот, жол коопсуздук, медицина, милиция, жогорку окуу жайлар, прокуратура жана бажы кызматын көрсөтүшкөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG